Кундуз Канатбек кызы: «Эне болгонума ишенбей кетем…»

-Кундуз, балалуу болгондогу сезимиңизди айтып берсеңиз.
-Андагы сезимдерди сөз менен жеткире албайм.Дүйнөдө менден бактылуу адам жоктой болуп жүрѳм.Кубанычым койнума батпай, азыр да кызымды карап алып «чын эле менин кызымбы, мен эне болдумбу…» деп ишене албай жатам.

-Эне болууга алдын ала кантип даярдык көрдүңүз?
-Кичинекей ымыркайды кантип көтөрөм, кандай эне болом деп ойлончумун.Эне болгон соң баарына жѳндѳмдүү болуп чыга келет экенсиң.Кызымды күнүгө эки маал эшикке алып чыгам, күнүгө жуунтам.Катуу кармап аламбы деп коркуп, башкаларга да «бир жерин оорутуп алба, акырын» деп эч кимге карматкым келчү эмес.Азыр болсо бир айдан ашып, көнө баштадык.Ал эми ырым-жырымдарга ишене бербейм.

-Кандай кыйынчылыктар болуп жатат?
-Башында ичи ооруп, күн менен түндү алмаштырып, беш мүнөттөн эле уктап бир топ эле түйшүктѳр болду.Жолдошум, апам, эжем жакшы жардам берип жатышат. Жакындарымдын колдоосу менен мага жеңил болуп жатат деп ойлойм

БУЛАК: Леди.кж

Аргумент.kg
Жооп калтыруу