КУМТӨР КАЧАНГА ЧЕЙИН КАНАДАНЫН МЫЙЗАМЫ МЕНЕН ИШТЕЙТ?

«Кумтѳр» алтын кени 1989-жылы советтик геологдор тарабынан ачылган бирок түбөлүк тоңголок муздун шартында иштетүүнүн татаалдыгынан улам, коммерциялык жагынан ишке ашырылууга болбой турган кен деп эсептелген. Бирок 1992-жылы Торонтодо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн, “Кыргызалтын” мамлекеттик концернинин жана Канаданын “Камеко” корпорациясынын ортосундагы макулдашууга кол коюлган, анда “Камекого” кенди иштетүүнүн эксклюзивдүү укугу берилип,  Кумтөрдөгү алтындын алгачкы уютмасы 1996-жылдын 31-декабрында алынган.

Ошол мезгилде алтындын запасы 953 тонна болсо 2010 – жылдын апрель окуясына чейин 260 тонна алтын казылып алынып, 693 тонна алтындын запасы калган. А бүгүн бийлик эмне деп жатат? 150 тонна алтын запасы калды деп алакан жайышууда. Анда 543 тонна алтын кайда кетти?

Акаев менен Бакиевдин бийлигинин тушунда 13 жылда 260 тонна алтын казылып алынса, кантип эле Атамбаев бийлик жүргүзгѳн акыркы тѳрт жылда 543 тонна алтын жоголууда. Балким эл оозунда айтылып жүргѳн «Кумтѳрдѳ» кичинекей самолет коно турган аянтча бар ошол жерден алтындарды Канадага чыгарып кетишет» деген божомолдор чындыкка жакын болуп жүрбѳсүн…

Балким, бийлик башындагылар 543 тонна алтынды ѳлкѳдѳн чыгуу үчүн «Кумтѳр» маселесин чечүүнү улам арткы жылдырып, элди алдоо үчүн бир канча премьер – министрди садага чабып, тѳрт жыл убакытты создуктуруп келишти…

1990-1997-жылдары Макмалда талкуу жүргөндө, Кумтөрдүн келишими бир тараптуу экенин адистер менен биргеликте көрүнүктүү професорлор Б.Мамбетов, И.Айтматов, Т.Усубалиев келишим кылмыштуу экенин айтып чыккан эле. Бирок, бул келишимге А.Акаевдин күчү менен кол коюлуп, өзү жеке көзөмөлгө алган. Ошондон бери алтын ордосу президенттин көзөмөлүндө тураарын унутпайлык.

Кечээ эле улутташтыруу зарыл же 50-50 пайыздык биргелешкен ишкана түзүү керек деп кыйкырып жаткан саясатчылар бүгүн ѳз ойлорун кескин түрдѳ ѳзгѳртүшүүдѳ. Бирок, «Кумтѳрдѳ» алтындын запасы азайып, уланган калдыктардын кѳбѳйүп кеткениненби деген суроого азырынча  жооп жок.

Кумтѳрдѳ дүйнѳлүк масштабдагы катастрофа күтүлүшү мүмкүн

Биз «Кумтѳр» маселесин кѳтѳргѳндѳ анын экологиябызга тийгизип жаткан терс таасирлерин кѳз жаздымда калтырып келебиз. Мына канадалык ишкерлер мѳңгүлѳрдүн үстүнѳ тоо кен калдыктарын жайгаштырышып, ал жерде азыркы учурда 1 млрд.тоннадан ашык калдыктар бар экендиги баарыбызга маалым.

Ошондой эле 1996-2011 жылдар аралыгында 80 млн.куб.метр музду чагып алышкан. Калдыктардын басымдуулугунан жана муздарды чаккандыктан, мѳңгүлѳрдүн жылышы күчѳй баштаган. А бул жѳнѳкѳй кѳңүл бурууга арзыбаган кѳйгѳй эмес. Мунун баары эмне себептен келип чыкты? Канадалыктардын нормаларга ылайык эмес, тескерисинче нормага каршы технологиялык ишттерди жүргүзгѳндүгү үчүн келип чыгууда. А эмне үчүн кыргыз бийлиги чет элдик ишкерлердин биздин экологияга келтирген зыяндары туралуу ооз ачышпайт? Эгерде биз бул нерсенин алдын албасак Кумтѳрдѳ дүйнѳлүк масштабдагы катастрофа күтүлүп жатат.

Анткени Петров кѳлүнүн жээги ээрип жарылып кетүү коркунучуна келип такалды. Эгер жарылып кетсе, ал тѳмѳн жагындагы уу калдык сактоочту жууп кетип, түз эле Нарын суусуна алып барып куят. Бул дүйнѳлүк масштабдагы катастрофанын башталышы болуп калышы толук мүмкүн Анткени, уу калдык сактооч жайда 200 миллион тоннадай цианид жатат.

Ал эми Нарын суусу, коңшу мамлекеттерди аралап Арал денизине чейин жетет. Бул чѳлкѳмдѳ 10 миллиондон ашуун адам ушул суулар менен тирлик кылышат. Бул 10 миллион адам суусуз калат деген сѳз.

Канаданын мыйзамдарынын чегинде иш алып барабызбы?

Экинчи маселе жакында баарыбыз күбѳ болдук кыргыз бийлиги «Кумтѳрдү» улутташтыруу же канадалыктар менен 50-50 пайыз үлүш бөлүштүргөн биргелешкен ишкана түзүү Кыргызстан үчүн пайдасыз жана мүмкүн эмес деп коомчулук күтпѳгѳн билдирүү жасады. Ушул билдирүүнү айтуу үчүн кыргыз ѳкмѳтүнѳ эки жыл керек болдубу?

Убагында кыргыз бийлиги «Центерра» менен пайдасы тең бѳлүшкѳн ишкана түзүүнү колдоп, ал тургай сүйлѳшүүлѳр аяктап калды деп парламенти гана эмес элди да ишендирип келбеди беле? Ал гана эмес, биргелешкен ишкана түзүү үчүн бизге кеңеш беришет дешип, эки жыл аралыгында эл аралык үч компанияга, мүмкүн эмес деген сѳздү айтуу үчүн 3,5 миллион евродон тѳлѳп келиштиби?

Анан дагы эң таң калыштуусу убагында бир өкмөт башчыбыз  «Биз болгону башкаруу менеджментин кыргыз тараптын пайдасына оптималдаштырышыбыз керек. Албетте, баары Канаданын мыйзамдарынын чегинде болот» деп айты эле. Эмне үчүн ѳлкѳбүздүн кызыкчылыктары Кыргыз Республикасынын мыйзамдары менен корголбой, чет ѳлкѳлүк инвесторлордун же башка ѳлкѳнүн мыйзамдары менен чечилиши керек?

Кытайдан алынган насыяларыбызды Бээжиндин мыйзамы менен тѳлѳсөк, өз жерибизде жайгашкан алтын кенибиз үчүн өзүбүз чет элдик ишкерлердин алдында  Канаданын мыйзамы менен жооп берсек, анда Кыргыз Республикасынын президенти же Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши жана өкмөтү деп өзүбүздү-өзүбүз эмнеге ооз көптүрүп айтып жүрөбүз? Анда биздин көз карандысыздыгыбыз кайда калды?

Биз Кытайдын же Америка Кошмо штаттарынын карамагындагы кѳз каранды мамлекетпизби? Ѳз жерибизде ѳз мыйзамдарыбыз менен мамлекеттин кызыкчылыгын коргой албаган бийликтин кереги барбы?

Мына убагында «Кумтѳрдѳ казыла турган алтындын запасы 208 тонна эмес, 157 тоннаны гана түзѳт ошондуктан Кумтөрдөн түшчү пайда 21 пайызга кыскарат» деген чет элдик ишкананын бир гана билдирүүсү, башкасын кой президент Алмазбек Атамбаевди эл аралык маалымат каражаттарына чейин биргелешкен ишкана түзүлѳт деп айтып келген сѳздѳрүн тѳгүнгѳ чыгарып, кыргыз бийлиги мүмкүн эмес деп алакан жайып, парламент алиге чейин ээстерин жыя албай дендроо болуп отуруп калбады беле же калпбы?

Кыргыз бийлигин каалагандай калчап кѳнүп калган чет ѳлкѳлүк ишкерлердин бир гана билдирүүсү, бүтүндөй кыргыз бийлигин “нокаут” кетире аларын да көрдүк. Бирок, убакытты созуп, чет элдик ишкерлердин таламын талашкансып отурган өкмөт, тийешелүү органдар  ѳз пикирлерин айтып, эмне себептен алтындын запасы азайганын алиге чейин текшерише элек? Эмне үчүн анда өкмөт сүйлѳшүүлѳр жүрүп жатат, эки тарапка тең пайдалуу чечимдер кабыл алынат деп бул маселени улам артка жылдырып келди. Мындан ким утушка ээ болууда? Бир гана “Центерра”. Анткени алар мурункудай 67-33 пайыз деген келишим боюнча иштеп, мурункудай эле 67 пайыз кирешеге ээ болушууда. Демек кыргыз бийлиги билип туруп «Центерранын» кирешенин 67 пайызын алышына шарт түзүп жатат. Эмне үчүн?

Булак: Каганат.

Аргумент.kg
Жооп калтыруу