Бишкек шаардык сотунда 20-майда Кубанычбек Кулматов менен Албек Ибраимовдун иши боюнча сот отуруму өттү. Сот процессинин жүрүшүндө борбор калаанын экс-мэри Кулматов бүгүнкү күнгө чейин кылмыш иши менен таанышпаганын билдирди. Ал бул туурасында: «Айыптоо корутундусун алиге чейин мага берише элек.
Мындай мамиле прокурор менен судьянын гана шалаакылыгы эмес, бул чектен чыккандык. Мен бул жерде эмне кылып жүргөнүмдү түшүнбөйм» – деп каңырык түтөттү. Мындан тышкары ал буга чейин ал бир жолу да тергөөгө чакырылбаганын кошумчалады.
Булак: «Фабула»