Кулматов менен Ибраимовдун иши тергелип бүттү

Бишкектин экс-мэрлери Кубанычбек Кулматов менен Албек Ибраимовго мектеп курулушу боюнча козголгон иш тергелип бүттү. Тергөө мамлекетке 95 млн сом чыгым болгонун аныктады.

УКМКдан билдиришкендей, мурдагы мэрлердин жетекчилиги менен “Калыс Ордо” конушундагы мектептин курулушу өтө көп мыйзам бузуулар менен жүргүзүлгөн.

“Курулуш долбоор-сметалык, уруксат берүүчү жана башка документтери жок эле башталган. Жумушту аткаруучу компаниялар тендери жок эле тартылып, коррупциялык схема иштеген. Каражат болсо ал ишканаларга мыйзамсыз которулуп, отчеттор көп учурда жасалган эмес”,  -дешти атайын кызматтан.

Жыйынтыгында 660 орундуу мектептин бир жарым кабатыныны курулушуна ТВЕА`нын гранттык акчасынан 2 млн доллар жана шаардык бюджеттен 114 млн  сом коротулган.

“Ошол эле маалда өкмөт аймактарда миң орундуу мектепти 2 млн долларга курууну көздөп жаткан”, – деп УКМК долбоордун кымбатка түшкөнүн салышытырып көрсөттү.

Ушул тапта айыпталуучулар менен адвокаттары кылмыш ишинин материалдары менен таанышып жатат. Ушундан кийин иш Башкы прокуратурага айыптоону ырастоо үчүн жөнөтүлөт да, андан ары иш сотко өтөт.

Булак: Калыс Медиа 

Аргумент.kg
Жооп калтыруу