Кулипа Керимбаева: “Бул бай, көпкөн, боюн көтөргөн аял” деген мөөрүң бар…

Белгилүү ырчы Кулипа Керимбаева жан дүйнөсүндөгү ачуу чындыкты, жан дүйнөсүнүн азыркы абалын фейсбукка жазып пост калтырды. Анын чындыкка жанаша жазылган постуна жакшы гана пикирлер жазылды:

“Күндөр түндөргө алмашат, адамдар жыл айланып жашына жаш улашат. Ар бир күн бири бирине окшошпойт. Эгерде бир күнүң эстен кеткис кайгыга салса, эртеңки күн ал күндөн айрымасы башкача ойго салат.

Аттиң сен кечээ бекер эле кайгы муңга батыпсын, сен кайгырба, сага ар дайым күлүп жүргөн жарашат. Адам темирден да каттуу келет. Ал баарын көтөрө билет. Демек сенин да башыңан өткөн күндөрдү китеп кылып жазса болот. Сенин айланаңдагы айымбы, мырзабы сенин кандай жан экениңди жаныңда жүрүп да түшүнбөй жек көрүп жашоодогу дүйнөңдүн жанчылып, кыйналган абалыңды көрбөйт. Себеби сен күчтүүсүң. Жада калса эркек мырза да сен күчтүү болсоң көрө албаган сезимин, алсыздыгын сезесиң, теңелбейсиң, сезип, туруп,билип турсаң да жүзүң сумсайбай, жүзүңдөн мээрим чачырап күлүп жеңесин, Сага теңелейин дегендер теңеле албайт. Кээде тепсендиде калтырат, ал көрүнүш кайра өзүнө кайтаарын билбейт. Сен андайларга таарынбайсың жөн эле ички дүйнөңө сактап коёсуң, себеби ал унутулгус мамиле сага болгон. Жамандык каалабайсың, себеби сенде ыйыктык ТАЛАНТ бар. Сен ошол учурда айткан сөзүң аткан октой жетээрин билесиң .Унутасың, билмексенге саласың, эгерде андай жагдайларды ойлой берсең айыкпас ооруга чалдыгасың. Ошондуктан өтөөр күн өз нугу менен артта кааларым билесин.

Ал турмуштун сыноосу. Ал сыноонун акылдуулук менен кабыл алсаң, ал таразадан өтөөрүнө сабыр кылсаңжеңесиң.

Сабырдын түбү сары алтын, деп бекериненайтылган эмес. Сен сабырдуусуң.
Анткени сенин :эркелээриң жок болсо эмшиңдеп ыйлап не пайда -«деген төл сөзүн ар дайым көкүрөгүңдө. Сенин маңдайыңда жазылган мөөрүң бар, ал мөөр:- Бул бай, көпкөн, боюн көтөргөн аял, — деген. Ал байлык, сенин элге болгон жакшы мамилең, колуңан келсе жардамыңды аягың келбеген , бир жанга да жамандык каалабаган, албетте сен булактын суусундай таза эмессиң, сенде да бар мүнөз адам төрөлгөндөКудай пейилди мүнөздү, ырыскыны, бакты, дегеле баарын маңдайга жазып коет.
Макал «Кара кыздын агынан эмес багынан” демекчи, кудай бак берсе өң түсүнө карабайт. Ошол сыяктуу турмуш баарына баш ийдирип, кайда барасыңбеш кол тең эмес , чыда…деп бирде өйдө, бирде ылдый калчап турат. Ошол сыноонун кандай гана жагдайын көрдүң, кабыргаң кайышып, адамдардан кээде жардам күттүң.

Чалындың, жыгылдың, ошол мезгилде колун сунгандар болду. Жардамын аянбаган таза назик, айымдар Америкадан кол сунду. Ал жагдай жүрөктүн тереңинен орун алды. Кудайым үч эселеп берет, баардык жактан. Себеби мен бербесем берчү жаратканым бар.

Адамдардагы ыйман, мээрим, сенин жашоо шартыңа карап, сенин КИЙГЕН киймиңе,басып турган барчылыгыңа карап, ошондо гана салам айта тургандардан болорун сездиң. Сен ага кайгырба, сенин он эки мүчөң, ден соолугуң, жашоодо сый урматта экениңди унутпа. Сенин жылмайганың, күлгөнуң, өзүңө жарашат. Сен бирөөгө колуңдан келген кичине жардамыңды,жакшы сөзүңдү аянбасаң, сени түшүнгөндөр бар.
ТИРҮҮЧҮЛҮКТӨ капа болбо. Бирде өйдө, бирде ылдый жашоо бир калыпта эмес.
Сени кимдин бирөөлөр түшүнбөсө, демек анын дүйнөсү сеникине окшош эмес.
Сага Кудайымдын көзү түз болсо ал чоң бакыт.
Демек, күлкүңууртуңдан кетпей, маңдайыңдагы кудайым жазып койгон мөөрүңөчпөсүн. Бергенге пейлине жараша бере берет. Аз болсо көптөй, көп болсо көппөй турмуштун буйруган буйругуна шүгүр де” — деп өзүмдү сооротом”- деген постун жазды

БУЛАК:zaman.kg

Аргумент.kg
Жооп калтыруу