КУБАТБЕК БАЙБОЛОВ YH КАТТЫ

Саясаттагы эски карт бөрү саясатчылар ойгоно баштады. Салмактуу саясатчылардын бири Кубатбек Байболов, экс-президент Алмазбек Атамбаевдин кол тийбестигин алуу, ага карата кылмыш ишин козгоо маселесинде фейсбуктагы посттордун бирине пикирин жазды. “Эптеп бирөө- жарымдан көрсөтмө алып эле олтургуза бермейдин аягы жакшы болбойт го. Илгери кол койгондор,чечим кабыл алгандар биринчи кезекте жооп берчү эле. Чач ал десе баш алган жасоолдор кечээ эле улагасын жыртып,шымаланып жүрүштү эле, бүгүн буркан-шаркан түшүп камалышын талап кылышат. Баарынан кызыгы, Атамбаевдин алты жылынын, алды төрт, арты үч жыл айтканын эки дебей удургагандар, бүгүн кунөөсүнө кубө өтүп жаткандыгында. Илгери мындайларды уяткарып койчу эле, азыр андай жок. Замана” — деп билдирген өз оюн. Бакиев кланына каршы чыккан саясатчылардын минтип өз пикирлерин калыс билдирип жатышкандары жөн жерден эмес. Демек жакын арада эски оппозициячыл саясатчылар бир айдыңга чогулушу толук мүмкүн….

БУЛАК: Ачык саясат 

Аргумент.kg
Жооп калтыруу