Кубатбек Байболов коомдук ишмер: “Мени 10 жылдан бери кайырмакка илип коюшкан…”

Шайлоо жакындаган сайын парламент жанданып, депутаттар жаңы мыйзамдарды сунуштай башташты.Ушу тапта Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо жөнүндө мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизүү демилгеленүүдө. Мисалы, депутат Исхак Масалиев шайлоонун эрежелери өзгөртүлүшү керектигин айтып, добуш берүүдө бүтүндөй партияга эмес, “ар бир талапкерге добуш берүү керек” деген сунушун айтса, ал эми депутат Бакыт Төрөбаев шайлоого катышкан партиялар үчүн 9 пайыздык ченди 5 ке чейин түшүрүү зарылдыгын айтат. Бирок, булар азырынча сунуштар гана. Тиешелүү комитеттин колдоосун таба элек. Шайлоо мыйзамдарына сунушталып жаткан долбоорлорду, дегеле шайлоонун күнгөй-тескейин жарандык коом дагы талкуулап жатат. Алардын сунуштары да ар кандай.

— Кубатбек мырза, шайлоо мыйзамдарына өзгөртүү киргизүү боюнча ар кандай сунуш-пикирлер айтылып жатат. Шайлоо мыйзамдарына сиздин сунуштар кандай?

— Акыркы эки чакырылыштан бери депутаттар ойдогудай болбой калды. Себеби, шайлоо системасында, шайлоолордун эрежесинде чоң мүчүлүштуктөр кеткен. Депутаттардын айрым топтору өз долбоорлорун сунуштап чыгышты. Азырынча, 5 долбоор бар экени айтылып жатат. Бирок, бирөосү да өтпөйт. Эң жок дегенде, макулдашуу комиссиясы түзүлүп, ар кайсы долбоордон олунуп-чолунган, институттар киргизилип, бирөөсү баланча, экинчиси түгүнчө системадан киргизилген, айтор, опоң-чычаң болуп, азыркыдай абал калып калабы деген коркунуч олуттуу. Ошентсе дагы, аракетке берекет. Аракет кылып атышкан айрым депутаттарга рахмат. Ал эми менин сунушум:“калганын жөн коюп, эки эле институтту ишке ашырып алгылачы” дейт элем. Шайлоочулар ар бир тизмеде көргөзүлгөн талапкерге добуш берсин. Булэлдин дээрлик көбүнүн талабы. Азыркыдай оптом эмес, ар кимди өзүнчө шайлайлы. Эгерде, ушул ойго макул деген пикир жаралса, анда республиканы чектелүү гана округдарга бөлүү керек. Себеби, катардагы шайлоочу 120 киши киргизилген тизмени алыпкелсе, 10 партия катыша турган болсо, 1200 кишинин канчасын тааныйт? Тааныбайт да. Ушундан улам, өткөргөн шайлообуз бүдөмүк болуп калып жатпайбы. Ошондуктан, эгерде биз 9 же 13 округга бөлө турган болсок, кыргыз элинин нукураменталитетине жарашыктуу болуп, кыгыз өзү тааныган гана мыктыларга добуш берет. Мына ошондо мен сунуштаган кумулятивдик система ишке ашат.

— Кумулятивдик система деген кандай?

— “Кумулятивдик мандат” деп коет. Бул “добуштарды бир жерге чогултабыз” деген, эл арасынан эң мыктыларды алып чыкчу ыкма. Маселен, Ысык-Көлдү алып көрөлү. “Шайлоочулдардын санына жараша 11 орун бөлүнөт” деп жатышпайбы. Ысыккөлдүк шайлоочулар мына ушул 11 кишиге добуш беришкерек. Ошондо депутаттар чыккан жагынан аймактарда тең салмактуулук болот. Азыркы парламентте Алайдан эле 8 депутат бар экен. А башка чоң аймактардан бир да депутат жок. Тең салмактуулук кайда? Бул биринчиден. Экинчиден, шайлоого байланышкан дестабилизация болуп кетүү коркунучунан арылтат. Ысык-Көлдөн чыккан мыктылардын баарын ысыккөлдүктөр билет, тааныйт. Демек, биз шайлоочуларга бүдөмүк эмес, тааныган адамдардын арасынан мыктыларды тандоо мүмкүнчүлүгүн берип жатабыз. Бул идеянын оппоненттери дагы бар. “Жер-жерлердеги бөлүнүүлөргө алып келет” деген жүйөлөрдү, аргументтерди айтып жатышат. Мен айтаар элем, азыр эмне, башкача болуп жатабы? Ысык-Көлдүн мыктысы келип, Жал округанан койгон эмес да. Мен Алайга барып, талапкерлигимди койгон жокмун го. Койсом, бир да добуш ала албайм дагы. Азыр деле ошондой болуп атпайбы. Бул көрүнүш Кыргызстандын элинин биримдигине доо кетирген жок да. Демек, алардын аргументтери иштебеген аргументтер. Эң башкысы, эл арасынан мыктыларды тандай турган ыкма болушу шарт. Мен ошон үчүн ушул ыкманы сунуштап жатам.

— Шайлоо босогосунун пайыздык катышын төмөндөтүү зарылдыгы сунушталып жатат. Бул боючна сиздин көз карашты билсек…

— Азыр 9 пайыздык босогону түшүрүүнү сунуштагандар да бар. Муну ар тараптан карап көрүу керек. 9 пайыздык босого менен бир дагы партия өтпөй калышы мүмкүн. Бул катыш партияларды ирилештирип, блоктторду түзүп келсин деген ой болчу. Эгер, 9 пайыздык босогону калтыра турган болсок, партиялар биригүүгө мажбур болот. Мунун деле жакшы жактары бар. Маселен,эки чакырылыштан бери 6 партия иштеп жатат. Чаржайыт, алты партиянын кайсы биринен сурап алаарыбызды билбейбиз. Америкадагыдай эки партия боло турган болсо, табият өзгөрөт эле. Ошондуктан, жакшысы, ары же бери эмес, 7 пайыздык босогону киргизүү сунушу туура болмок. А 5 пайыз кылсак, азыркыдай 5-6 партия келет дагы, башаламан болот.

— Саясатчылардын шайлоого карата даярдыгы, аракеттери кандай болууда?

— Күнөөсү далилденбеген бир нече саясатчылар түрмөдө отурушат. Сырттагыларды деле жыргагыдай кылышкан жок. “Телефон аркылуу көрсөтмө бергенсиң” деп, мени да 10 жылдан бери илип коюшпадыбы. Айрым бир акылмандар айткан болушкерек, “муну кайырмакта кармап туруу керек” деп. Бирок, мыйзамда 10 жыл куугунтукташ керек деген жобо жок да…

— Украинада бийликте турган эки президент тең утулушту. Биз да “демократиялуу өлкөбүз” деп келебиз. Бирок, бизде мындай көрүнүш орун албаган себеби эмнеде деп ойлойсуз?

— Бизде 30 жылдан бери бийликте турган адам эч качан уттурган эмес. Мындан ары да мүмкүн эмес. Ал эми Украинадагы көрүнүшдемоктариянын бар экендигинин бирден-бир белгиси. Болбосо, постсоветтик өлкөлөрдүн ичинен бийликтенкелген талапкер уттурганын көрө да, уга да элекмин. Мажоритардык шайлоо болуп, баардык округдарды көзөмөлдөй албай, айласы кетип калганда, Текебаев, Мадумаров, арасында мен да бармын, (2005-жылы) шамдагайлыкка салып утупкелгенбиз. Бура сүйлөп, кыйкырып турган 7-8ибиз бар эмес белек. Азыр андай жок. Ошентсе дагы, олуттуу маселелерге келгенде, биз чырылдап эле кала берчүбүз. Башийкеп туруп, добуш бергенге келгенде башкача добуш берип басып кетишчү.

— Парламенттик системанын оң жана терс жактары кайсылар болууда?

— Азыр элдин көбү партиялык тизмеден иренжип калды. 5-6-чакырылташтагы депутаттардын түрүн көрүп,“кайра бир мандаттуу округга кайтып келсек” деген ойлорду мен деле угуп жүрөм. Эми биз “ошону жасай албай калдык” деп аттын башын башка жакка бурганыбыз, кайра артка кеткенибиз туура эмес. Биз ал жодду басып өттүк, боткого тойгондой деле болгонбуз. “Бир мандаттуу округдарга, мажоритардык системага кайра өтөбүз” десек, анда парламенттик башкаруудан, парламентаризмден баш тартышка туура келет. Себеби, ал ыкма башка шайлоо системасынын аспабы. Партиялык системаны киргизип жатканда, партия тууралуу мыйзамга дагы, шайлоо системасына дагы өзгөртүү киргизип туруп, ийине жеткирип, анан кабыл алышкерек болчу. Иш жүзүндө биз парламенттик башкаруунун аспаптарын мыйзамга киргизген жокпуз да. Бир эле партилык тизмени киргизип алып,“парламентаризм пайда болду” деп жүрөбүз 10 жылдын бери. Чала жасалган иш ушинтип башаламандык жаратат.

Динар Турдугулова

Булак: «АЗИЯnews»

Аргумент.kg
Жооп калтыруу