Кубанычбек Кулматов Кыргызстанда 23 жыл мыйзамсыз жүрүп, мамлекеттик сырларга да мыйзамсыз ээ болуп жүргөн.

Кубанычбек Кулматов Россия жарандыгын 1995-жылы СССРдин паспортун алмаштырып жатып алган. Бул тастыкталган факт. Ал буга укуктуу болгон. Бирок, маселе анын Кыргызстандын жарандыгын алганында болуп жатат. Анда буга кезеги менен токтололу. Советтер Союзуна мүчө мамлекеттер СССРдин паспортун алмаштыруу үчүн бир гана көз карандысыз мамлекетти тандоо боюнча келишимге жетишкен. К.Кумтаов болсо Россияны тандаган, Кыргыз Республикасына тиешелүү болгон паспортун орус жарандыгына алмаштырган. Кандай болгон күндө деле Кулматов кош жарандуу болом деген үмүт менен ушул кадамга барган. Анын үстүнө ал КМШ мамлекеттери кайрадан биригет деп катуу ишенип алса керек. Муну эми Кулматов өзү билбесе биз айта албайбыз. Ар дайым шамдагай жүргөн Кубанычбек мырза бул кырдаалда эмне кылмак? Дайымкысындай эле мамлекетти алдайт. Кулматовдун колунда СССдин дагы бир паспорту болгон. Аны кайдан алган? 1993-жылы Кулматов Москванын ички иштер бөлүмүнө СССРдин паспортун жоготуп алганы боюнча арызданган. Москва ички иштер бөлүмү болсо Ф-7 документи аркылуу Бишкектин Биринчи Май районунун паспорт столуна кайрылат. Бишкек болсо Кулматовго чынында эле 1979-жылы паспорт берилгенин аныктаган жооп жиберет. Ошентип Москвадан жаңы паспорт алган Кулматов “жоголгон” паспортун да өзүнө сактап койгон. Муну менен ал жарандыгын аныктаган эки документке ээ болуп калат. 1996-жылы Кулматов 1995-жылда Россиядан алган паспортун жашырып, СССРдин жоголду деген паспорту менен Кыргызстандын да жарандыгын алган. Бирок, анын Кыргызстанга көрсөткөн паспорту жоголгондугуна байланыштуу жараксыз болгон. Кыргызстандын “Жарандуулук” мыйзамы башка өлкөнүн атуулдарын ошол мамлекеттен чыгып келүүнү талап кылат. Бирок, Кубанычбек мырза мыйзамдарды одоно бузган. Аны менен Кулматов Кыргызстандан алган паспортун ушул күнгө чейин мыйзамсыз пайдаланып келген. Анын мындай кадамы юридикалык жактан өтө оор кылмыштарга кирет. Кулматов Россиядан алган поспортун эмне кылган? Аны болсо Россияга барганда колдонуп жүргөн. Ал акыркы жолу 2008-жылы 45 жашында жаңы паспорт алган. Ошол эле учурда ал Бажы кызматынын жетекчисинин биринчи орун басары кызматын аркалаган. Бажы тармагында болсо 2004-жылдан бери эмгектенип келген. Демек, Кулматов ушунча жылдан бери чоң кызматтарды, саясий орундарды мыйзамсыз ээлеп, мыйзамсыз айлык алып келген. Мамлекеттик сырларды да мыйзамсыз билип, аны каалагандай пайдаланган. Анын кесепети эмне болгонун көрүп жатабыз. Эми мунун баарына тергөө органдары чекит коюшу керек. Булак: Маалымат.KG

Просмотрено 14:55

Аргумент.kg
Жооп калтыруу