Кубанычбек Кулматовдун эсепсиз байлыктары бар, киреше булагын кантип тапкан?

Бишкек ТЭЦин модернизациялоодогу ири коррупция боюнча козголгон кылмыш иши УКМК тарабынан тергелип, иштин материалдары менен тааныштыруу үчүн Башкы прокуратурага өткөрүлүп берилгени маалым болду. Баш прокуратура иштин материалдары менен таанышкандан кийин, андан ары соттук процесстер башталат. Буга чейин берген УКМКнын маалыматы боюнча ТЭЦти модернизациялоого сарпталды делген 386 миллион доллардын 111 миллиону максатсыз пайдаланылып кеткен. Демек, эми аны кимдер өз чөнтөктөрүнө солоп алышканын аныктоо калды.
Мына ушул ТЭЦке байланыштуу козголгон кылмыш ишинин алкагында Бишкек шаарынын экс-мэри Кубанычбек Кулматов да айыпталуучулардын катарында бар. Коомчулук Кубанычбек мырзанын башынан эле мамлекеттик кызматтарды аркалап келатканын жакшы билет. Эч кандай бизнес менен шугулданган деле эмес. Бирок, анын топтогон байлыктары мамлекеттик кызматкерлердин айлык акысына топтоло турган байлыктар эмес экенин айтып коюу абзел.
Айтмакчы, мүлктүн басымдуу бөлүгү биринчи жубайы Наталья Кулматовага катталган. Бишкектин борбордук бөлүгүндө жайгашкан турак үйлөрдүн санынан эле баш айланат. Маселен Тынчтык проспектисинде, Эркиндик, Ясненский, Он Арча, Орозбеков көчөлөрүндө элиталык батирлери бар. Андан сырткары баш калаада “Бишкек” рестораны, Ысык Көлдөгү Кара-Ой айылында эс алуучу бир нече коттеждери да бар.
Ал эми уулу Каныбекке Бишкектин Орозбеков көчөсүндөгү батирлерди каттап берген. Жер тилкелери да бир нече. Эркиндик сейил багында салон ачып алган жайы да бар. Акыркы үлгүдөгү кымбат баалуу автоунааларын айтпай эле коелу. Ал эми токтобой иштеп жаткан жеке ишканалары тууралуу өзүнчө кеп кылса болот. “Баалар боюнча кыргыз ассоциация” биримдиги, “Гринвейс” курулуш компаниясы, “Эйжен Хоспиталити” бирикмеси, “Көз карандысыз баа жана экспертиза” ЖЧКсынын да ээси.
Мындан сырткары ал жаш аялы Жамийлага да «Тойота Прадо» үлгүсүндөгү автоунааны белек кылган.
Мына ушундай байлыктарга мамлекеттик кызматтарды эле аркалап жүрүп ээлик кылууга мүмкүнбү? Мүмкүн эмес экенин баарыбыз билебиз. Себеби, айлык акылар айдан айга өп-чап гана жетет эмеспи? Анда Кубанычбек Кулматов кантип байып алган?

Булак: Чындык

Аргумент.kg
Жооп калтыруу