Кубанычбек Кулматовдун иши боюнча тергөө аяктады

Бишкек шаарынын мурдагы башчысы Кубанычбек Кулматовго козголгон кылмыш иши боюнча тергөө аяктады. Бул тууралуу “Азаттыкка” экс-мэрдин адвокаты Сергей Слесарев билдирди.

Анын белгилешинче, учурда тергөөнүн материалдары менен таанышуу жүрүп жатат. Адвокаттын пикиринде, иликтөөдө бир катар мыйзам бузуулар кеткен.

Бишкектин мурдагы мэри Кубанычбек Кулматовго Кылмыш-жаза кодексинин 303-беренесинин 2-бөлүгү («Коррупция») боюнча айып коюлду.

Быйыл 18-майда Башкы прокуратура козгогон кылмыш ишинин алкагында Кубанычбек Кулматовго Кылмыш-жаза кодексинин 303-беренесинин 1-бөлүгү («Коррупция») менен айып коюлган. Кийин айып 303-берененин 2-бөлүгү боюнча тагылып, өзгөртүлгөн. 5-июндан бери Кулматов УКМКнын тергөө абагында камакта отурат.

Булак: Азаттык 

Аргумент.kg
Жооп калтыруу