Кубанычбек Кадыров, экс-депутат: «Камалып жаткан коррупционерлердин арам ойлорун ишке ашырбашыбыз керек»

— Кубанычбек мырза, эмнеге камактан чыгар замат Сооронбай Жээнбековдун саясатын колдоп кеттиңер?

— Атамбаев шайлоого катышаардын алдында, коррупционерлер менен күрөшөбүз деп айтып, жыйынтыгында берген убадаларын аткарбай койгон. Бакиевди сындаганы менен өзү президент болгондо берген убадасын аткарбады. Тескерисинче, аны сындаган сайсий оппоненттерине мыйзамсыз кылмыш иштерин козготуп саясий куугунтукка алып, каматып, теңирден тескери иштер менен алек болду. Биз Атамбаевди 2014-жылдан бери ачык сындап, коррупция менен күрөшмөк тургай, коррупциянын атаманы болгонун фактылары менен айтканбыз. Өзүн баш болуп эки балаң жана шопурларын, жансакчыларьң төш болуп, коррупциялык мыйзамсыз иштерди жасап, мамлекеттин казынасынан миллиарддаган акчаларды уурдап жатканын эл журтка ачык айтканыбыз үчүн бизди камап, сот процесстерин жабык өткөздүрдү. Бизди мыйзамсыз соттогон соттор Атамбаевтен ардак грамоталарын алышты. Сооронбай Шарипович болсо сөзүнө туруп, саясий оппоненттерине басым кылбай, коррупция менен күрөштү колго алды. Ошон үчүн аны колдодук. Анткени, Сооронбай Жээнбеков коррупция менен күрөшкөнү  үчүн миллиарддаган каражаттар казынага түшө баштады. Сапар Исаков жана Илмиянов аралышкан коррупциялык схемалар ачыкка чыкты.

— Анткениңиз менен Атамбаевдин камакка алынган кадрлары саясий куугунтукка кабылдык деп жатышат го?

— Азыр камалып жаткан Атамбаевдин кадрлары коррупциялык иштери менен жоопко тартылып жатышат, алардын: “саясий куугунтукка кабылдык”- деп айтканынын өзү уят нерсе. Икрам Илмиянов жана башкалар Сооронбай Шариповичке эч кандай саясий оппонент эмес. Болгону алардын коррупциялык схемаларды ишке ашырышканы аныкталып, камакка алынышты. Баса, коррупция менен күрөштүн аракетинде Икрам Илмиянов башында турган мафиялык кылмыштуу топтун иштерин жаап жашырган үчүн 10дон ашык сотко кылмыш иши козголуп, бирөөсү камалганы факт. Ал сотторго Икрам Илмиянов башында турган кылмыштуу мафиялык топко аралашкан деген кине коюлуп, соттор аркылуу Кытайдан келген 70 миллион долларлык инвестициялык долбоорду тартып алганы үчүн кылмыш иши козголду. Былыктары чыгып калса эле, коррупция менен күрөш ачык жүрө баштаса эле саясий куугунтук болуп калабы? Негизи коррупция менен таза гана адам күрөшөт. Сооронбай Шарипович бардык тепкичти басып өтсө да, ал коррупцияга аралашкан эмес. Ошон үчүн коррупция менен күрөшкө баш оту менен киришти.

— Атамбаевге эмес, анын балдарына да кылмыш иши козголуш керек деп жүрөсүз. Балдарына кылмыш иши козголгудай кандай иштерге аралашты эле?

— “Калк айтса калп айтпайт”- дегендей, энергетика боюнча экс-перттердин айткандары боюнча эки баласы ОсОО “АвтоМашЭнергия” аркылуу ТЭЦке таш көмүр киргизүү жана электр энергиясын арзан алып, кымбат саткан коррупциялык иштерге аралашып, мамлекетке миллиарддаган акчаларга чыгым келтиришкен. Алардын былык иштерин, элдин канын соруп жатканын мен эмес, билгендер деле айтып жатышат. Баса, мүмкүнчүлүктөн пайдаланып, мен мурун Атамбаевди колдоп жүргөн адам катары анын байлыгын, материалдык абалын да айта кетейин. Ал мурун эле бай болчумун деп карандай калп айтып жатат. Ал кездеги жашаган үйү менен азыркы жашап жаткан үйүнүн айырмасы асман менен жердей. 2,7 га жерди мыйзамсыз алып алган. Ал жер Максим менен Ширшов “Дастан” заводунан мыйзамсыз чыгарып алышкан. Ошону Албектен сатып алдым деп элди алдап жатат.

— Сооронбай Шарипович Атамбаев асылып жатканда бир да сөз айткан жокпу?

— Атамбаев аталык кылып мамлекетти башкарам деген. Сооронбай Шариповичти кыргыз эли шайлады, Атамбаев командасы менен шайлаган жок. Президент болуш Алла Тааладан. Сооронбай Шарипович коррупциялык схемалардын башында турган Атамбаевди тандабай, кыргыз элин тандап кетти. Атамбаев мыйзам чегинде жоопко тартылыш керек. Атамбаевдин бийликке ар кандай калп шылтоолорду жармаштырып жаткандыгы өзүнүн коррупциялык иштери ачылып калып, эл журтка шерменде болуп калам деп жанталашып жаткан кербези. Азыркы коррупциялык иштер менен камалып жаткандар бир аз убакыт өткөндөн кийин Атамбаевге коррупциялык иштери үчүн көрсөтмө бере башташат. Бизге түшкөн маалымат боюнча, ГКНБнын СИЗОсундагылар “Сапар Жумакадырович, шеф (Атамбаев) не деп жатат?”- деп сурашса, “бир аз чыдап тургула”- дейт экен. Кыргызстандыктар Атамбаевдин провокациясына алдырбашыбыз керек жана арам акчасына алданбайлы. Камалып жаткан коррупционерлердин арам ойлорун ишке ашырбашыбыз керек. Атамбаевдин тымызын, элди түндүк-түштүк бөлгөн маселеси өтпөйт. Биздин мамлекетте тынчтык болсо гана мамлеке-тибизге инвестиция келет.

-Бабанов камалгандан корктубу же түрмөгө жатып калгандан корктубу? 

— Бабанов болобу, башкасы болобу, шоунун кереги жок болчу. Элди дүрбөлөңгө салганы орунсуз болуп калды. Күнөөсү жок болсо жөн эле келип, тастыктаса болмок. Бүгүнкү күндө мыйзам иштеп баштады. Мыйзам иштегени үчүн биз эркиндикке чыктык. Бабанов өзүнө ишенсе, ак экенине көзү жетсе, келе берсе болмок. Негизи саясатчылардын бийликке ультиматум койгону туура эмес. Президент туура айтты. Саясатчылар элди ортого салып, бийлик менен соодалашпаса жакшы болот эле.

-Камак сизди неге үйрөттү. Камактан эмне таптыңыз?

— Сабырдуулукка үйрөттү. Камакка алынган 3 жылда китеп окудум. Ошентип убакытты өткөрдүм. Акыл казынамды кеңейттим. Камактагы убакытты да бекер өткөрбөйүн деп аракеттендим. Ички дүйнөмдү тазалаганга аракет кылдым.

Аэлита Сатындиева

БУЛАК: Майдан.кж

Аргумент.kg
Жооп калтыруу