Кубанычбек Кадыров, экс-депутат: “Атамбаев Максимден 3 млн доллар алды, ортого Сапар Исаков түштү” деп айтышкан”

– Кубанычбек Бекбосунович, “Ак ийиет, бирок сынбайт” дегендей, абактан сынбай чыгышыңыз менен…

– Рахмат

– Азыр ден-соолук кандай?

– Ден-соолук Кудайга шүгүр.жакшы.

– 3 жыл абакта жатпадыңызбы, ушул аралыкта бийлик сындыруу аракетин көрүп, ден-соолукка залал келтирген окуя болгон жокпу?

– Оору-сыркоодон алыс болдук, Атамбаев иштеп турган убакытта бизди криминал менен рамкага салып басым кылабыз деген аракеттери ишке ашкан жок, биз катуу турдук.

– Көбүнчө эмне менен алек болуп убакытты өткөрүп жаттыңыз?

– Саясатта кайнап жүрүп көп китеп окубай калыптырмын. Абдан көп китеп окудум. Жашоого, саясатка болгон көз карашым өзгөрдү. Спортко басым жасаганга аракет кылдым.

– Абакта өткөргөн 3 жыл ичинде артта калган мезгилди көз алдыңызга элестетип, саясатта кайсы жерден жаза басканыңызга анализ жүргүздүңүзбү?

– Чынында абакта жатканда басып өткөн жолго анализ кылганга абдан көп убакыт болду. Ошол жакта Далай Ламанын китебин окудум. Далай Лама “Ким артка кайта турган болсо, ал жаман киши. Болор иш болуп өттү. Ал тарых. Кетирген кемчилигиңди кайталабай, алдыга жылыш керек” деп айтыптыр. Ошол сыңары биз дагы алдыга умтулуп жатабыз. Жаңылдык деп айтсам туура эмес болуп калат. Себеби, биз эч кандай кылмыш ишин жасабаганбыз, мыйзамды бузбаганбыз, бийликти басып алууга бир да жолу чакырык жасаган эмеспиз. Бирок, күнөөң жок ак жериңден эле соттоп жиберсе ойлонот экенсиң. Атамбаевдин башкаруу мезгилинде мыйзамдын иштебегендигин башыбыздан өткөздүк. Түшүнүктүү болуш үчүн фактылар менен айтайын. УКМК 2016-жылы 6-февралдан баштап биздин телефонубузду тыңшаганын айтышты. Булар КЖКны одоно бузушкан. КЖК боюнча менин телефонумду тыңшоого алыш үчүн соттун санкциясы керек эле. Буларда соттун санкциясы болгон эмес. Мындан сырткары кылмыш иши козголуп, андан кийин телефонумду тыңшоого алышы керек болчу. 6-февралдан баштап телефонумду тыңшоого алышса, кылмыш ишти 12-мартта козгошуп, 24-мартта камакка алышкан.

– Сизди камоо операциясынын башында Атамбаев турганы белгилүү эле болгон. Бирок аны ким ишке ашырганын так билесизби?

– 22-мартта Аксыда Уңгар-Тоо боюнча чоң митинг болгон. Аксы элинин чакыруусу менен биз дагы ошол жерге барганбыз. Митингде мага да сөз берилип, ошол жерде Атамбаевдин колунан өлкөнү өнүктүрүү келбей турганын ачык айтканмын. Ошол жерде УКМК төрагасынын орун басары полковник Чоткараев да жүргөн. Бизди камоо операциясына Атамбаев менен Сегизбаев Чоткараевге тапшырма берип, тапшырманы аткарганы үчүн кийин ага генералдык чинди берип, АКСке башчы кылды. Атамбаевдин колунан өлкөнү өнүктүрүү келбей турганы ачуу болсо да чындык экенин айтканыбыз үчүн камаганы факт. Ал убакта президент – Атамбаев, прокурор – Атамбаев, сот – Атамбаев, УКМК – Атамбаев, ИИМ – Атамбаев болуп калган болчу. Ал баарын өзүм билем дегендей кылды. Менин айтканым мыйзам дегендей кылып, бийликти узурпациялап алды.

– Садыр Жапаровду сындыруу үчүн кескилегенге чейин барышпадыбы. Сизди дагы сындырууга ар кандай жолдорду издеп көрдүбү?

– 24-мартта камакка алып, УКМКга тергөөгө келгенде тергөөнүн чоңдору бизге “Силерде эч кандай күнөө жок. Бизди дагы туура түшүнгүлө. Мыйзам бузуу жок болсо дагы кылмыш ишин ачканга тапшырма келип түшкөн” деп айтышкан. Экинчиси, “Атамбаевден “Урматтуу Алмазбек Шаршенович, биз туура эмес иш кылыптырбыз” деп кечирим сураган катты ушул кабинетте эле жазып берсеңер, Сегизбаев катыңарды Атамбаевге алып барып берет, бүгүн эле бошойсуңар. Ал катты Атамбаевден башка эч ким окубайт” дешти. Биз Атамбаевден кечирим сурап кат жазганга макул болбой койдук. Күнөөң жок экенин билип турсаң, өзүңө бекем ишенесиң да. Мага кысым кыла алган жок. Жигиттер, мыйзамсыз иш козголуп жатканын өзүңөр айттыңар. Атамбаев да, Сегизбаев да бийликтен кетет, убакыт келгенде сөзсүз менин ордума олтурасыңар деп башында эле айткам.

– Сизге кысым кылганга духу жетпесе, жакындарыңызга кысым жасалдыбы?

– Жакындарыма кысым катуу болду. Атама мыйзамсыз кылмыш ишин козгошуп, камайбыз деп аракет кылышты. Эл Караколго көтөрүлүп барып, камоо тууралуу санкция берген сот оорукананын арткы эшиги аркылуу качып кетип, кайра эле ошол күнү кечинде атамды камоо санкциясын жокко чыгарды. Иним прокуратура кызматкери. Ага да мыйзамсыз иш козгошуп, 2 күн камап чыгарышып, жумушунан алышты, аны да сындыра алышкан жок. Иним жумуштан мыйзамсыз бошотулганын райондук, шаардык, жогорку соттон далилдеп утуп алса дагы, ордуна кайра коюшпады. Сооронбай Жээнбеков президент болгондон кийин гана соттун чечими аткарылып, иним өзүнүн ордуна кайра барып олтурду. Өзүмдүн күйөө баламды кызматтан алышты. “Мени эмне үчүн жумуштан алып жатасыңар?” деп сураса, “Сенин кайнатаң Улуттук оппозициянын лидери. Сен ошон үчүн арызыңды жазып беришиң керек” деп айтышыптыр. Эки бир тууган инимди жумуштан кетиришти. “Манас” аэропортунда иштеген бир тууган карындашымды дагы жумушунан төмөндөттү. Анда Албек Ибраимов жетекчи эле. “Эмне үчүн?” десе, “Жогор жактан ушундай буйрук болду” деп айткан. Бир тууган кайнимди дагы сот болууга эң жогорку бааны алганына карабастан мыйзамсыз өткөзбөй коюшкан.

– Сиз Атамбаевдин жанында жүргөн ишенимдүү адамдарынын бири элеңиз. КСДП менен депутат да болдуңуз. Атамбаевге болгон ишеним кайсыл учурда өчө баштады?

– 2009-жылы президенттик шайлоодо Атамбаев талапкер болуп чыкпадыбы. Ошондо Ысык-Көл облусуна мен жоопкер болдум. Атамбаев өзү “Эң биринчи эл менен жолугушууну Ысык-Көлдөн баштайлы” деп калды. Эмне үчүн?-деп сурагам. “Ал жакта атаңдын кадыр-баркы бар. Өзүң дагы элге көрүнүп калдың. Ысык-Көлдөн ишти жакшы баштап алсак, калган иш жакшы кетет” деп жооп берген. Макул болуп, район, шаарларда жолугушууларды өткөрдүк. Элдин алдына чыкканда катуу убада берди. “Кудай колдоп, кыргыз эли колдоого алып президент болуп калсам, эң биринчи эле УКМКны жоём. Разведка, контрразведка менен чек араны гана калтырам. Булар, оппозициянын артынан кубалап, туура эмес иш кылып жатат. Экинчиси, “Кумтөрдү” Акаев менен Бакиев талкалап, жеп кетти. Мен “Кумтөр” маселесин чечем, мамлекетке алабыз. Үчүнчүсү, электр энергия керек болсо бекер болуш керек. 13 тыйындан иштелип чыгып жатат. Төртүнчүсү, кылмыштуу топту жок кылам. Бешинчиси, коррупционер кызматкерлердин баарын жумуштан айдайм. Алтынчысы, балдарым, жакындарым коррупциялык иштерге барбайт” деп айтты. Түптөгү жолугушууда жаап жаткан жаанга карабай чогулушка келген 2 миңден ашык адамдын алдында “Оң жагымда Көл, сол жагымда тоо, өйдө жакта Кудай турат. Сиздер колдоп президент болуп келсем, Бакиев казактарга берип салган кыргыздын намысы болгон Каркыраны Нуракеге чөгөлөсөм дагы кайра кайтарам” деди. Кийин президент болгон соң бирөөсүн да аткарган жок. Мени иренжиткен маселе ушул болду.

– 2010-жылдагы революциядан кийин ал киши менен иштешип, сиз ИИМ министринин орун басары болбодуңузбу. Анда мамиле жакшы беле?

– Ошол убакта ИИМде коррупцияга каршы башкы башкармалык бар болчу. Мен ИИМ министринин орун басары катары ошол башкармалыкты көзөмөлдөчүмүн. Көп коррупциялык иштердин бетин ача баштаганбыз. Бакиевдин маалында “Агропродкорпорация” ачылган. Корпорацияга Мамлекеттик материалдык резервдер фондунан 17,5 миңтонна буудай алынган. Буудайды унга айлантып, элге арзан баада сатыш керек болчу. Бирок, “Агропродкорпорациянын” башчылары буудайды Максимдин буйругу менен Кара-Балтадагы спирт заводуна киргизип, андан арак чыгарышып, акчаны өздөрү алып коюшкан. Мамлекетке 180 млн сом зыян келтирилген. Ошол убактагы курс менен эсептегенде 4,5 млн доллар. Ушул ишти таап чыкканда Атамбаев баш болгон вице-премьер-министрлер, министрлер, “караларга” чейин токтот деп аябай суранышты. 500 миң доллар беребиз деп чыкканда, Атамбаевге биз кайра эле акча жегени үчүн келдикпи, 85 бала жөн эле өлүп калдыбы? – деп айткам. Ошол ишти токтотпой ачканым үчүн Атамбаевдин балээсине калдым. Көрсө, Атамбаев бийликке жетиш үчүн элдин башын айланткан экен да. Ал коррупционерлер менен күрөшпөй эле алардын атаманы болду. И. Илмиянов, Ф. Ниязов, А. Сегизбаев, И. Жолдубаева, К. Кулматов.А. Ибраимов, Б. Суюмбаев.С. Исаков, У. Исраилов анын ишин аткарды. Көрсө булар ошол учурда эле Бакиевдердин оокатын өздөрүнө жаздыра баштаган экен да. Мен принцип үчүн макул болбой койдум. Илмияновдор КСДП партиясы үчүн көп мыйзамсыз иштерди кыла баштаганын, Кулматовдун мыйзамсыз ишин ача баштагам. Мени жумуштан Кулматов, Илмияновдор биригишип алып кетиришти. Бирок, Атамбаев үйүнө чакырып алып “Чүйгө УВДнын начальниги болуп барбайсыңбы?” деп айтты. Ага да макул болбой койдум.

– Илмиянов менен Кулматовдун кандай мыйзамсыз иштерин ача баштадыңыз эле?

– Илмиянов темир жолдогу, “Темир” мамлекеттик ишканасындагы, Бишкек СЭЗдеги, бажыдагы иштердин башында олтурду. Кулматов Кытайдан самолёт менен келген кымбат баалуу уюлдук телефондорду ташыган. Бизге келип токтоп, Дубайга кетти деген жалган документтерди жасап, кымбат телефондор бул жакта калган. Келген телефондордун көбү кайра Россияга аткезчилик жол менен кетчү. Ушунун баарын ача баштагам. Шайлоого деп темир жолдон, “Темир” мамлекеттик ишканасынан, “Дастандан” акчалар КСДПга агып кире баштаган. Аны да токтото баштагам. Албек Ибраимов алган жерлерди ошондо эле айтып чыккам. Көп адамдар “Бизге бир жолу оомат келди. Тынч эле иштей бербейсиңби?” деп айтышкан. Ошондо эле КСДПдан өз арызымды жазып, Скрипкинага тапшырып берип кетип калгам.

– Оппозицияга кеткениңизден кийин кайра чакыруу болгон жокпу?

– Абдан көп сунуштар болду. Чынын айтыш керек, Атамбаев өзү чакырган жок. Адамдары келип атышты. Илмиянов атамды чакырып алып, мени Ысык-Көлгө губернатор болуп барсын деп айттырганда макул болбодум. “Фарид Ниязов Финполицияга биринчи орун басар болуп барсын деп жатат. Атамбаевге кирип чыгыптыр” деп балдар келишти. Жалал-Абадга, Баткенге УВДнын начальниги, ИИМ академиясынын начальниги дешти. Баарына кол шилтедим. Чогуу иштешкенге дитим барган жок. Коррупционерлердин аягы жаман менен бүтөрүн билгем. Азыр канчасы камалып олтурат. Камалган 2 премьер-министр, 2 мэр, министр, депутаттар, Илмиянов акча жешкен, коррупционерлер. Ошон үчүн камалышты. Булардыкы саясий буйрук эмес. Буга бөркүмдөй ишенем. Ичип-жегени факт. Атамбаевдин “мурун эле миллионер болчумун” дегени калп. Жүз пайыз билем аны. Экөөбүз олтурганда жигиттерди чакырып “тигинден барып 2 миң доллар, мындан миң доллар сурап кел” деп айтканын өз көзүм менен көрүп, өз кулагым менен уккам.

– Атамбаевдин токтот деп суранганына карабай коррупцияяык иштерди ача баштасаңыз, ал киши менен катуу айтышкан күндөр болдубу?

– 2010-жылы Атамбаевдин кабинетинде экөөбүз катуу айтышканбыз. Коррупциялык иштерди ача баштаганымда ичи күйүп кетти. Ал кишинин оозу жаман эмеспи. Уят сөздөр менен сөгүнө берет. Мен депутат болуп жүргөндө, көпчүлүк депутаттарды, кол алдында иштегендерди ыплас сөздөр менен сөкчү. Мени бир да жолу сөккөн эмес эле. 2010-жылы кабинетинде жолукканда сөгүнүп, ыплас сөздөрдү айта баштады эле, “Оозуңузга келген жаман сөз менен сөгүнө бербеңиз! Жалгыз эле сиз революционер эмессиз! Сизди бийликке алып келгендердин бири менмин! Мындан кийин сиз вице-премьер, мен ИИМ министринин орун басары катары гана жолугабыз!” деп ордуна коюп, чыгып кеткем. Жумушка келгенде бир саатка жетпей телефонго жансакчысы Болот Сүйүмбаев чалып “Шеф чалып жатат” деди. Атамбаев өзү “Иним, мен катуу кетип калдым” деп өзү айткан.

– Атамбаев саясий атаандаштарына кылмыш ишин козгоп, камап, саясий талааны тазалаганга аракет кылды. Ал киши эмнеден коркту? 

– Ал коррупционерлердин атаманы болуп калганын билди. Биз муну ачык айтып келдик. 50 миң тираж менен ге-зит чыгарып, элге тарата баштаганбыз. Эрнест Карыбеков азыр да мыйзамсыз камалып олтурат. Ал Атамбаевдин Сейит, Сейтек деген эки баласы “Автомаш-Энерго” аркылуу электр энергиясынан ай сайын 2-3 млн доллар жеп жатканын цифралар менен айтып берди. Бишкек ТЭЦке Казакстандан көмүр алып келүүдө млн долларлар желип жатканын айта баштады. Атамбаев чындык чыгып кеткенден коркуп кетти. Биз чындыкты айтып жатканда азыр кыйын болуп жаткандардын 90-95 пайызы окопто башын катып жатышкан.

– Акылмандардын китебин окудум дедиңиз. Алар кечиримдүү болууга чакырат. Сиз Атамбаевди кечиресизби?

– Аны кечирүүгө болбойт. Мен кекчил эмесмин. Атамбаев жалгыз эле мен эмес, кыргыз элине кыянаттык кылбадыбы. Өлкөнү 4,5 млрд доллар карызга чейин алып барды. Кантип аны кечиребиз? Атамбаевдин орду түрмөдө. Ал киши толук командасы менен камалышы керек. Бул кыргыз элине жакшылык алып келбей турган саясатчы экени толук билинип калды. Мен өмүрүмдө Атамбаевдей коркок, кекчил кишини көргөн жокмун.

– Сиз коркок киши деп жатасыз. Атамбаев өзү эки революцияны жасаган баатыр экенин айтпады беле?

– Ал ойлонбой туруп, балп эттирип сала берет экен да. Калпты чындыктай кылып айтканга уста. Эсиңердеби, 2010-жылы оор жүк ташуучу авто унаа айдагандар Өкмөттүн алдына 80 машинаны токтотуп, митингге чыгышкан. Ошондо Атамбаевдин коркоктугун көргөм. Абалды тынчытуу үчүн мени чакырган. Барсам УКМКнын төрагасы Таабалдиев, Кулматов, финполдун биринчи орун басары, аппараттагы чиновниктер бар экен. Атамбаев “Кел Кубан, ушул жакты калыпка салбасаң болбой калды” деген. Биз сыртка чыгып, айдоочулар менен сүйлөшүп маселени чечкенбиз. Атамбаев болсо 2 жип машинаны эки жагына токтотуп, ортосуна дагы бир жипти коюп, ошол машинага бекинип чыгып качкан. Коркок экенине дагы бир факт. 2010-жылы революциядан кийин аны кыргыздын жигиттери кайтарган жок. Башка өлкөнүн атайын кызматынын адамдары кайтарып жүрдү. Атамбаев кыргыз элине ишенген эмес. Ал адам үч сөз сүйлөсө, анын экөөсү калп. Элди дагы эски методуна салып, калпты айтуу менен ээрчитем деп ойлоп жаткан болуш керек. Анда азыр акча бар. Бүгүн анын үйүн тинтүүгө алса, жок эле дегенде 300 млн доллар накталай чыгат болуш керек деп ойлойм.

— 2009-жылы болгон президенттик шайлоодо сиз Атамбаевдин ишенимдүү адамы болуп, Ысык-Көл облусуна жоопкер болдуңуз. Ошондо шайлоо күнү Атамбаев талапкерлигин алып салбады беле. Ичип алып ошол кадамга барганбы же башка себептери болгонун уккансызбы?

– Анын ичип жүргөнүн баарыбыз эле билебиз. Эмне үчүн алып салганы боюнча мага жеткен маалыматты биринчи жолу айтып жатам. Мага жеткен маалымат боюнча “Максим менен жашыруун сүйлөшүү болду, ортого Сапар Исаков түшкөн, Максимден 3 млн доллар алды, ошон үчүн талапкерлигин алып салды” деп айтышкан. Муну КСДПда Атамбаевдин тегерегинде жүргөндөрдөн уккам. Чын же калп экенине кызыккан эмесмин. Бирок, “Шамал болбосо чөптүн башы кыймылдабайт” дейт. Талапкерлигин алып салуу катты Бешимовго шылтабадыбы. Бирок, Отунбаева мага “Атамбаев алдап жатат. Ошол кезде Атамбаев экөөбүз сүйлөшкөндө текстти өзү даярдап койгонун столдун үстүнөн көрүп калдым” деп айткан. Логикага келсек, Атамбаев президент учурунда Максимди текшерүү үчүн бир дагы иш кылган жок. Сапар Исаков абдан тез көтөрүлдү, ишенимдүү адамына айланды. Мага айтышкан маалымат ушул логика менен чындыкка тете болуп жатпайбы.

– Акыркы сөздү аялдардын майрамы келатат, асылзаттарга болгон куттуктооңуз менен бүтүрөлү…

– Апаларды, эже-карындаштарды 8-март жаз майрамы менен чын жүрөктөн куттуктаймын. Эч качан кайгы-капалык көрбөңүздөр. Бар болуңуздар. Силер бар, биздин жашообуз ар дайым көрктүү болуп турат. Баарыңыздарга аманчылык каалайм.

Булак: «Жаңы Ордо»

Аргумент.kg
Жооп калтыруу