Кубанычбек Кадыров: “Атамбаевди эч качан кечирбеймин…”

Жаңы элек камактан чыккан Кубанычбек Кадыровдун “Жаңы ОРДО” гезитине берген маеги…

 Акылмандардын китебин окудум дедиңиз. Алар кечиримдүү болууга чакырат. Сиз Атамбаевди кечиресизби?

Аны кечирүүгө болбойт. Мен кекчил эмесмин. Атамбаев жалгыз эле мен эмес, кыргыз элине кыянаттык кылбадыбы. Өлкөнү 4,5 млрд доллар карызга чейин алып барды. Кантип аны кечиребиз? Атамбаевдин орду түрмөдө. Ал киши толук командасы менен камалышы керек. Бул кыргыз элине жакшылык алып келбей турган саясатчы экени толук билинип калды. Мен өмүрүмдө Атамбаевдей коркок, кекчил кишини көргөн жокмун.

—Сиз коркок киши деп жатасыз. Атамбаев өзү эки революцияны жасаган баатыр экенин айтпады беле?

Ал ойлонбой туруп, балп эттирип сала берет экен да. Калпты чындыктай кылып айтканга уста. Эсиңердеби, 2010-жылы оор жүк ташуучу авто унаа айдагандар Өкмөттүн алдына 80 машинаны токтотуп, митингге чыгышкан. Ошондо Атамбаевдин коркоктугун көргөм. Абалды тынчытуу үчүн мени чакырган. Барсам УКМКнын төрагасы Таабалдиев, Кулматов, финполдун биринчи орун басары, аппараттагы чиновниктер бар экен. Атамбаев “Кел Кубан, ушул жакты калыпка салбасаң болбой калды” деген. Биз сыртка чыгып, айдоочулар менен сүйлөшүп маселени чечкенбиз. Атамбаев болсо 2 Жип машинаны эки жагына токтотуп, ортосуна дагы бир Жипти коюп, ошол машинага бекинип чыгып качкан. Коркок экенине дагы бир факт. 2010-жылы революциядан кийин аны кыргыздын жигиттери кайтарган жок. Башка өлкөнүн атайын кызматынын адамдары кайтарып жүрдү. Атамбаев кыргыз элине ишенген эмес. Ал адам үч сөз сүйлөсө, анын экөөсү калп. Элди дагы эски методуна салып, калпты айтуу менен ээрчитем деп ойлоп жаткан болуш керек. Анда азыр акча бар. Бүгүн анын үйүн тинтүүгө алса, жок эле дегенде 300 млн доллар накталай чыгат болуш керек деп ойлойм.

Булак: NazarNews.kg

Аргумент.kg
Жооп калтыруу