Кубанычбек Апас: “Оштуктар, силер итсиңер, сартсыңар”

2005-жылы «Кыргызсанга президент болушум керек» деп, өзүн-өзү «президентмин» деп жар салган Кубанычбек Апас өзүнүн пикирин социалдык тармагына жазып турат.

Жашоодо аябай сереңдеген мүнөзгө ээ, оюна келгенди айтып, эшек менен атты бир жаныбар катары караган доктор Апас социалдык тармагына кезектеги пикирин Кыргызстандын Түштүк аймагын “сарт” деп жазып, ит деген.

—“Кө*үн жаладыңбы автор. Сарттар ушундайсыңар.  Жериңерди таштап Баткенди тажиктерге сатып түндүккө эмне келип алдыңар? Ошко барбайсыңарбы аркалыктын жерин басып албай. Элди бөлгөн силер жуварымбектер, таза кыргыз тилин бузган силер иттер. Силерге бийлик вообще бербеш керек. Сартсыңар, бири-бириңерди сатасыңар Жалал-Абад, Ош, Алай Баткен”, — деп жазган Кубанычбек Апас, президент Сооронбай Жээнбековдун макаласын шилтеме кылып.

Таң калычтуусу, укук коргоо органдары “регионалист” Апастын 4-апрелде жазган шилтемеси үчүн ушул убакка чейин эмнеге жазага тартыша элек. Кубаныч Апастын элди экиге бөлүп-жарган бул шилтемесине атайын органдар чара көрөбү же жокпу күтө туралы. Мыйзам баарына бирдей болушу керек…

Булак: NazarNews.kg

Аргумент.kg
Жооп калтыруу