КТУнун колледжинин мугалими студентти журналдар менен башка чапкылады (видео)

Кыргыз техникалык университетинин мугалими лекция учурунда студентти сабаганы тууралуу видео социалдык түйүндөргө жарыяланды.

Бул посттун автору окутуучулардын бири дайыма аймактардан келген студенттерди өзүнүн лекцияларында шылдыңга аларын айтат.

Видеодо окутуучу студенттердин бири урушуп, бир аздан кийин келип журнал менен уруп, анын калың эмес экенин байкап экинчи журналды каттап алып чапкылап жатканы көрсөтүлгөн.

Кыязы видеону студенттердин бири тарткан.

Социалдык тармактагылар бул окуяга абдан нааразы болуп жатат.

https://youtube.com/watch?v=8bLr5ITpJCU

Аргумент.kg
Жооп калтыруу