КТРКнын башкы директорлугуна талапкер Адиль Турдукулов: «КТРКны сыртынан эмес ичинен билем…»

-Сиз КТРКнын жетекчилдигине талапкерлигиизди койдуңуз, бул татаал  таомак боюнча практикалык түшүнүгүңүз барбы?

-Мен КТРКда 5 жылдай иштеп кеткем. Бул жерде радио тармагында, жаштар студиясында, маалыматтык студияда алып баруучу, продюсер, журналист катары иштеп кеткем. Андыктан телеканалдын ички ашканасын, спецификасын, өзгөчүлүктөрүн жакшы эле түшүнүп, билем деп ойлойм. Коомдук каналдан кеткенден кийин да бирканча медиа долбоорлорду ишке ашыргам. Көз карандысыз Сентябрь, Пирамида, Интерньюстун “Ачык азия” телекандалдарында да алып баруучу, журналист болуп иштегем. Азыркы учурда көз карандысыз Next.tv, Res Publica гезитинде кабарчы катары иштеп жатам. Журналисттик иликтөөлөрдү жасап жатам. Азыр болсо кесиптештерим менен ”Сөз эркиндиги коомун” түзүп, өзгөчө журналистердин сөз эркиндигин укугун кеңейтүүгө жана эркин колдонууга көп күч жумшап жатабыз.

-КТРКда эмне маселелерди оңго салаар элеңиз?

-Кыргызстандагы эки революциясынын бирден-бир себеби — КТРдин туура эмес маалыматтык саясаты, элди экиге бөлүп, керек болсо бир катмарын мамлекеттин душманы катары көрсөткөнүндө. Ошондуктан Акаев, Бакиев, Атамбаев убагындагы оппозициянын эң башкы талаптардын бири – КТРди чыныгы элдик, коомдук канал кылуу өзгөртүү талабы болгон. Бирок азыркыга чейин бул ураан көбүнесе сөз бойдон калууда. Ошондуктан мен мүчө болгон “Жаңы муун” саясый кыймылы 4 жыл мурун өз талапкерибизди сунуш кылган болчубуз – Тимур Саралаевдин, анын программасы да “кара тизмени” жоюу, “редакторлук саясатты” түп тамырынан бери өзгөртүү болгон. Бул талап менин оюмча азыр да жүйөлүү. Кыргызстанда, статистика боюнча бир жылда, бир миңге жакын митинг өтүүдө. Бул бир күнү үч жакын митинг болорун билдирет. Биз КМШ өлкөлөр арасында, бул көрсөткүч боюнча алдыдабыз. Чынында элдин бугу көбүнчө, КТР аркылуу чыгыш керек. КТР ачык коомдун аянтчасы. Ошондуктан ар кайсы саясый күчтөрдүн оюн, карама-каршы позициянын  чагылыдырган канал болуш керек.

-Шайлоодогу өз мүмкүнчүлүктөрүңүздү кандай эсептейсиз?

Мурунку Гендиректорду шайлоо менен азыркы таймаштын принципиалдуу өзгөчүлүктөрү бар. 2015 жылдагы 9 талапкердин айткан программаларын көрүп жатып, алар баардыгы тең жыйынтык алдын ала баарына белгилүү деп айтып келишкен. Азыркы шайлоодо болсо, керек болсо акыркы президенттик шайлоо менен тең калышпайт. Аябай атаандаштык негизде өтүп жатат. Анткени алдын ала ким башкы директордун ким болорун эч ким айта албайт деп ойлойм. Мурун, көрүүчүлөрдүн көбү мамлекеттик телеканалдарды көрүп, радиолорду угушчу. Бирок азыр маалымат айдыңында абал түп тамыры менен өзгөрдү. Мамлекет монополисттик абалынан кол жууду. Учурда биздин жарандардын 50пайыздандан ашууну маалыматты интернет аркылуу алышат. Алардын жыйырмадан ашууну ютюбду колдонот. Санарипке киргенден баштап, КТРК спутнике чыккандан кийин, “Пиплметр” каналдын чыныгы рейтингин берүүгө жол ачылып жатат, кабелдик каналдар барып көрүп жатат. Улуттук делген каналыбыз кескин, чукул түрдө замандын өнүгүүсүнө өзгөрүүгө муктаж. КТРдин сайты мисалы, 2017- жылы  4.5 млн. колдонуучу болсо,  башка сайттардын колдонуучулары ал эми акыркы айда «super.kg» порталында 32 миллион бир айда эле кириптир. Бул абдан чон көрсөткүч. КТРКнын бир маанилүү багыты, портал биринчи кезекте 24.kg, акипресс, кактусмедиа? Азаттык, менен тен тайлаша турган маалыматтык агенттик да болушу шарт. Пресс-борбор да ошол нукта иштеш керек.

Баардыгын кадрлар чечет деп айтышат эмеспи…

30 жылдан бери КТР бул журналисттердин өсүп чыкчу полигону деп айтып келишет. Менин оюмча бул жетишкендик эмес. Тескересинче канал эн алдынкы, адискөй, популярдуу журналисттер КТРде орношуга, иштөөгө, кызматташууга жандалбастап аракет кылгандай аракет кылыш керек. Ошондуктан эң алдынкы технологиялар КТР биринчи колдонгондой кылыш керек. Канал эң көрүмдүү, угумдуу канал болуш керек. Анан дагы каналдарды ким, канча убакыт көрөрүн аныктоочу жаңы “Пиплметр” системасы киргизилип жатат. Ошондуктан каналдын чыныгы рейтингин берүүгө жол ачылат. Дагы бир амбициялуу нерсе бул- биздин продукциябыз Кыргызстанда эле эмес керек болсо башка мамлекеттерге экспорттой ала турган деңгээлдегидей жасоого аракет кылам. BBC, DW, NHK коомдук телеканалдар бир гана Британия, Германия, Жапониянын дүйнөлүк аянтчада өздөрүнүн тышкы саясатынын, жүзүн даңазалап жатат.  Кыргыздын жүзүн, үрп-адатын, маданиятын, тарыхын, тышкы саясаттын максаттарын да, жок дегенде Борбор Азия аймагында түшүндүргөн канал болуш керек.

Бул өтө чоң максаттар экен ага кантип жетишесиз?

Бул чоң максаттарды коюу үчүн КТРдин финансалык көз карандысыздыгына жетиш керек. Анткени КТР азыркыга чейин чыгашалуу ишкана. Мамлекет каналдын 60-70% чейин чыгашаларына чейин тартып келе жатат. 400 миллион сом бөлүнүп жатат, анын жарымысы ретрансляцияга жумшалып жатат. Мунун себеби эбегейисз көп — 740 чейин адам иштегендигинде. Мындай кырдаалда телекорпопарция эч качан коомдук жана көз карандысыз канал боло албайт.  Бул биздин бюджетибизге абдан эле оор. Ошондуктан муну өзгөртүш керек деген ойдомун. Реформанын башаты — каналдын эң башкы багыты эфирди чагылдыруу, ретрансляция милдетине алмаштырыш керек. Контентти чыгаруу көз карандысыз продакшн-студияларга берилиш керек. Программаларды тандоо функциясы коомдук кенешке берилиш керек. Азыркыга чейин  негизги милдет. Башкы директорду шайлоо менен ага кеңештерди берүү болуп жатат. Бул туура эмес. Мында албетте жогорку бийликтен да колдоо жана саясый эрк керек!

Чоң рахмат.

БУЛАК: argument.kg

 

Аргумент.kg
Жооп калтыруу