КСДП менен Атамбаевдин жолу бөлүнгөнү калдыбы?

Ызы-чуу

Кыргызстандагы тогуз жыл аралыгында эки президентти даярдап чыккан ири башкаруу партиясындагы ызы-чуу акыркы учурда коомчулуктун көңүлүн бурууда. Бир караганда түшүнүксүз, бирин бири партиядан чыгарып жаткан, бирин бири каралап, ар кимиси өзүн актаган, башканы жамандаган көрүнүштөрдөн баш айланат. Партиянын лидери, экс-президент Атамбаев “мени сатып кетишти” деп кыйкырып, “саткынчылардан” партиясын тазалоо аракетин көрсө, дагы бир тобу КСДПны Атамбаевсиз гана элестетип жатышат. Бул бир партиянын ичиндеги терең жараканын пайда болушун шарттаган карама каршылык эмнеден чыкты?

Баары Атамбаевдин бийликти алдырганына чындап көзү жеткенден кийин башталды. Коомчулук анын бийликти досуна өткөрүп берүүдөгү максатын жакшы билет, кайра кайталаштын кажети да жок. Бирок, тилеги таш каап, досу аны эмес, мамлекеттин кызыкчылыгын тандап кеткенде, ичи өрттөнүп, бар күчүн партиясына салды. Жээнбековго жан тарткандарды, же дагы бир кылыгы менен көңүлүнө төп келбей калгандарды партиянын катарынан чыгара баштады. Коомго жарыя кылган себеби да бирөө эле – “партиянын жобосуна ылайык келбеген жүрүм-туруму үчүн чыгарылды”. Партия катарына алаарда кирчү тарапты кандай жүрүм-турумга милдеттүү кылганын да ачыктабады. Мына ушундай жүйөө менен алгачкылардан болуп фракциянын депутаты Кожобек Рыспаев, анын артынан Иса Өмүркулов ыргыды.

Ал эми Атамбаев партиянын ишине киришээри менен “Атамбаевсиз КСДП” кыймылын түзүп, экс-президентти эч нерсеси жок калтырууну көздөгөн Сагынбек Абдырахманов да партиянын катарынан алда-качан чийилгени маалым болду. КСДПнын расмий өкүлү Кундуз Жолдубаева Абдрахмановдун бул кадамын “жеке таарыныч” катары мүнөздөп, маалымат каражаттарына билдирген. Айтымында, партиянын катарынан чыгып калганы үчүн таарынып, айланасына өзүнө окшогон “таарынчак” партиялаштарын топтоо аракетин көрүп жатат. Баса, Иса Өмүркулов да аталган кыймылдын жыйналышына катыша коем деп, кекчил досунун каарына калганы айтылып келет. Партиянын билдиргенине караганда, Абдырахманов КСДПнын президенттикке сунуштаган талапкери Сооронбай Жээнбековго каршы иштегени үчүн саясий кеңештин партиядагы мүчөлүгүнөн айыруу чечимине кабылган экен.

Мындан бир аз мурда Атамбаевдүү КСДП менен Атамбаевсиз КСДП гана тирешип жатса, убакыттын өтүшү менен партия менен фракциянын, лидер менен мүчөлөрдүн ортосунда да айыгышкан кармаш башталды. Эксперттер ал турмак, ири партия жакын арада Атамбаев жана Жээнбеков тарабындагылар болуп тең экиге ажырап калышы мүмкүндүгүн да айтышат. Экс-досуна карап күлүп койгондун баарын, күйөөсүнө таарынса күчүн балдарынан чыгарган аялдай партиянын катарынан кубалап чыгып, партбилет менен кошо бар бактысын тартып алчудай эле сезди. Ал арада алкымын тыя албай, ашыкча жеп жиберип, мыйзам алдында жазага тартылган санаалаштарын актап – жактап кирди. Бишкек шаарынын экс-мэри Кубанычбек Кулматов, экс-премьер-министр Сапар Исаков баштаган өлкөдөгү жападан жалгыз ири ЖЭБди толук кандуу оңдоттура койбой, каражаттан кымтып чөнтөктөрүн толтурган тобуна адвокат болду. Кылгандары чекесинен аныкталып, эл көрүп турса да, “булар жебеген, жегендер бийликтин кыл чокусунда отурат”, — деп таяктын  учун каршылашына буруп койду.

Айрым маалыматтарга караганда, КСДП фракциянын ичинде учурда жашыруун бөлүнүү жүрүүдө. Бирок, фракциядагы эч бир депутат моюнуна алгысы келбейт. Дастан Бекешев маалымат каражаттарына берген маектеринде, фракциядагы атмосфераны эң жакшы кылып көрсөтүүдөн тажабайт. “Биз “атамбаевдик” же “жээнбековдук” болуп бөлүнгөн жокпуз. Албетте, коррупция менен күрөшүү зарыл. Бирок аны жарандар күнүмдүк турмушунда сезиши керек. Мектептеги, башка мекемелердеги парачылыкты жоюу керек. Болбосо коррупция менен күрөш саясий куугунтукка айланып калат. Эл ошондой кабыл алат”, — деген Бекешев. Эл өкүлүнүн пикиринде, мектеп, бала бакчадагы майда паракорлор менен күрөшүп, ал эми төбөдө отуруп, мектеп директору он жылдап пара алып да топтой албачудай сумманы бир жолу сугунуп койгондорго тийишпөө керек экен. Майда паракорду кармоо коррупция, ал эми ирисине кол салуу саясий куугунтук болот турбайбы. Бекешев мындай пикири менен Атамбаевге жан тартып, КСДПдан кубаланып чыгуу планында жоктугун билдирди. Кээ бир эксперттер партиядагы жараканы Атамбаевдин бийликтен кеткенине байланыштырышат. Көбү ал мамлекетти башкарып турган учурда партиясында болууну каалашкан, а кеткенден кийин кырдаалга жараша өзгөрүп жатышат. Бул экс-президенттин санаалаштарды топтоого дарамети, тажрыйбасы жетиштүү эместигин билдирет. Ишенген кожолорунун көбү темир тор артына кетти. Калганы өзү айтмакчы сатты. Ал турмак, КСДП фракциясы да анын жетелеген жагына баспай, партиянын катарынан чыгаргандарын фракциянын катарынан чыгарбай койду.

1995-жылы түптөлгөн партия ошентип, күч-кубатынан тая баштады. Атамбаевдин жеке амбициясы, кекчилдиги жана анын көңүлүндөгүнү таба албагандардын баарын “жолубуз башка” деп түшүнгөнү жыйырма жылдан ашуун тарыхы бар партияны ара жолго калтырды. Учурдагы болуп жаткан башаламандык, анын социал-демократиялык идеялардын колдоочусу эмей эле, бийлик көксөгөн көп партиялардын бири экенин дагы бир жолу таасын тастыктады.

Алдыда анын катары мындан да жукарышы мүмкүндүгү байкала баштады. Буга чейин Атамбаев өзү кетирсе, эми аны менен иштешүүдөн өз каалоолору менен баш тарткандар көбөйөөрү кээ бир мүчөлөрдүн билдирүүлөрүнөн сезилет.

Мисалы, депутат Чыныбай Турсунбеков маалымат каражаттарына болүнүп-жарылууну жактаган КСДП менен келечегин бир элестете албай турганын айтты. “Мени КСДПнын акыбалы канааттандырбайт. Съездде маселелердин баары чечилбесе, партия кайрадан бирикпесе, бир күчкө айланбаса, тескерисинче ансайын жарака тереңдесе, анда аны менен чогуу баруунун кажети  жок”,- деген Турсунбеков.

КСДПнын жада калса съезди да ксдпчылардын талашын жаратты. Бири төөнү айтса, бири бээ деп, датаны белгилегенде да бири биринин айтканына макул болгулары келбей калышкандай. Атамбаев, Карамушкина, Кодуранова партиялык съезд 6-апрелде болот дешсе, Иса Өмүркулов КСДПнын саясий кеңеши 4-мартта жыйын өткөрүп, съездди 3-апрелге белгилегенин жарыялады.

Туура эмес саясаттын айынан бир заматта кунары учуп, эл арасындагы кадыр-баркы түшкөн партиясын кучактап Атамбаев отурат. Жеке таарынычын ар кимге таңуулап, саясий куугунтукка алы келбей калганда, куру дегенде партиянын катарынан кубалоонун жыйынтыгы ушундай болушу керек эле. КСДПнын ичинде болуп жаткан жана алдыда болчу терс көрүнүштөрдүн баары өзүнүн кекчил, таарынчаак, арканды узун таштабаган кыска ойлуулугунан болуп жатканын билээр бекен?

Арина Рысбаева,

Булак: “Майдан. kg” гезити

Аргумент.kg
Жооп калтыруу