КСДП “кемеси” чөгөбү?

Адилди ким “айдактап” атат же Мискенбаев “митингге” чыгабы? Кыязы, «Көкөтөйдүн ашы, көп чатактын башы» – демекчи, Иса Өмүркуловдун партиядан чыгарылышы «көп чатактын башы» болуп калчудай түрлөнүп калды. Партиянын ичиндеги ынтымактын ыдырашына, эң оболу «Арашанда» жаткан «бир адам» өзү себепкер болуп жатканы айтпаса да түшүнүктүү.

Ошентсе да ага карабай, КС ДП жана ага жан тарткандар, түзүлгөн кырдаалга, бийликти жана Асылбек Жээнбековду күнөөлөп «суудан кургак» чыккылары келүүдө. Ал үчүн, «акылы бар эси жок» Мискенбаевге окшогондор менен «өз көмөчүнө күл тарткан» жактан алдына адам салбаган кадимки Адил Турдугуловдор «бөрк ал десе, баш алып» жаткан кез. Бул аты аталган эки эргул, эл чогулган жерлерде эле бийликти «тепкилеп» колдорунан келгенче каралоо менен кырдаалды курчутуп жиберсек деген арам ойлору бар. Ал эми, экөөсүнүн башкы дирижёру Фарид Ниязов экени сокурга деле көрүнүп турат.

Мискенбаевди го туура түшүнсөк болот. Ал АША «ат» десе атат, «жат» десе жатат. Кудум үйрөтүлгөн иттей. Ал эми Адил Турдугуловдун болсо жөнү башка. Кезинде кадимки канкор Жаныш Бакиев менен тыгыз кызматташып, материалдык жактан бир топ эле байлык топто-гону айтылып, бир учурда ММКларда уу-дуу кеп болгон. Жаныштан акча алганын Адил өзү деле танган эмес, анан эми ал Фарид Ниязовго бекер кызмат кылып атат дегенибиз абсурд. Демек, «шыкак» берүүчү тараптан пайда болгону үчүн Турдукулов бийликке асылып жатканын аңдабай түшүнсөк болот…

Ал ортодо, саясаттаануучу Орозбек Молдалиев: «Иса Өмүркулов саясий кеңештин чечими легитимсиз деп жатат. Бирок, азыркы учурда КСДПнын саясий кеңеши өзү легитимсиз» – деген оюн айты. Эгер реалдуу карай турган болсок, чындап эле саясий кеңештин мыйзам ченемдүүлүгү күдүк ойлорго түртөт. Анткени КСДПнын көпчүлүк мүчөлөрү « КСДП Атамбаевсиз» -деп ураан көтөрүп жатса, саясий кеңеш кимге таянып билдирүүтаркатып жатат? Башкача айтканда, өздөрүн саясий кеңеш атагандар, пайдубалы жок үй курабыз дегендей эле болуп жатат.

Ага кошумча катары, мурдагы «шоопур», мурдагы мартабалуу чиновник, Икрам Илмиянов пара катары алган акчасына, президенттик шайлоону аралаштыруу аракети көрүлүүдө. Мурда да депутат Рыскелди Момбеков: «КСДПга Кытай тарап 5 миллион доллар жардам берген» деп айтып чыккан буга жооп катары  АШАнын оң колу Фарид Ниязов: «Жок акча парламенттеги фракцияга берилген» -деген. Ошол эле күнүн Жогорку Кеңеш: «Бизге эч кандай акча берилген эмес» – деп Фарид Ниязовдун калпын чыгарган эле. Бирок, кийин «кар жаады из басылды» болуп эмнегедир бул окуя унутта калды. Болбосо, 5 миллион доллар деген оңой-олтоң акча эмес. Азыр да болсо бул ишти кайрадан иликтеп аныгыначыкса, дагы далай КСДПнын тың чыкмаларынын «бет пардалары» сыйрылмак. Жыйынтыктап айтканда, КСДПнын саясий кеңешибиз деп жаткандардын «жоругу» «ууру тойгончо жеп, өлгөнчө карганат» – деген макалды эске салат.

Каныбек Кадралиев

Булак: “Де-Факто”

Аргумент.kg
Жооп калтыруу