КСДПны кыйратканы жаткандар кимдер?

Кыргызстан-социал демократиялык партиясы – республикабыздагы чейрек кылымдык тарыхы бар, партиялардын парадынын көч башында турган, партиялуулукту өнүктүрүүгө омоктуу салым кошкон саясый күчтөрдөн. Ал аркылуу 2007-жылы Алмаз Атамбаев премьер-министр болду, кийинки жылы Бакиевдер түгүл, өзүнүн оппозициядагы коллегалары менен тил табыша албай жалгыз калганда партиянын жардамы менен кайрадан чоң саясатка аралашып, тез эле анын көрүнүктүү лидерлеринин бирине айланды. Аны менен алды жыйырма, арты он беш жылдан ашык убакыттан бери Сооронбай Жээнбеков, Иса Өмүркулов, Роза Отунбаева, Сагынбек Абдрахманов сыяктуу мүчөлөрү бирге болуп келишти. Алар 2010-жылдагы экинчи революциянын башында турушту, андан бери партиядан үч мамлекеттин башчысы чыкты. Анткени, элдин көпчүлүгү дайыма күчтүү социалдык саясат жүргүзүүгө убада кылган социал-демократтарды колдошту, деги эле дүйнөдөгү негизги саясый күчтөрдөн болгон социал-демократтар социалдык теңдикке, адилеттүүлүккө басым жасагандыктары менен айырмаланышып, ошол аркылуу элдин симпатиясына ээ болуп келишет.

Мына эми ошол сезилээрлик социалдык базасы, аздыр-көптүр туруктуу электораты бар, ичте да, сыртта да колдоого ээ болуп келген партия кризиске тушугуп, бөлүнүп-жарылып, таркап кетүү алдында турат. Эмне үчүн?

КРИЗИС. БӨЛҮНҮП-ЖАРЫЛУУЛАР ЭМНЕДЕН ЧЫКТЫ?

«Революцияны фанатиктер жасашат, үзүрүн аларга жолдон-белден кошулгандар көрүшөт» деген жакшы сөз бар. Ал туура экендиги КСДПнын тарыхында ырасталып келүүдө. Маселен, КСДПнын лидери Алмаз Атамбаев 2011-жылы бийликке келгенден кийин партиянын аны менен он беш жылдан бери кыйынчылыктарды, куугунтуктарды бир тартып, алды түрмөгө да отуруп чыккан эски мүчөлөрү четке сүрүлүп, анын айланасын, башкаруу органдарындагы майлуу-сүттүү жерлердин баарын Бакиевчилер ээлеп алышты. Алмаз Атамбаев башка адамдар табылбай калгансып президенттик администрациядагы таасирдүү кызматтарлын ( Максим Бакиевди жандап анын көзүнүн кареги менен бирге айланып жүргөндөрдү чогултту. Анысы аз келгенсип алардын көпчүлүгүн КСДПнын башкаруучу органы болгон САЯСИЙ КЕҢЕШКЕ киргизип алды.

Анын андай иштери партиянын эски мүчөлөрүнүн арасында 2011-жылдан бери эле нааразылыктарды жаратып, бирок лидери мамлекеттин башында тургандыгына байланыштуу ачык айтылбай келсе, ал бийликтен кеткенден кийин шиши толгон чыйкандай жарылды. Чындыгында эле кечээ эле партиянын активдүү мүчөлөрүн куугунтуктагандардын алдыңкы катарында жүрүшкөндөр, партия бийликке келгенде анын башкаруучу органына кирип алышып, эми аларга акыл үйрөтүп турушса, албетте, эски мүчөлөрдүн кыжырлары келип, лидерине нааразы болуусу мыйзам ченемдүү көрүнүш. Ал эми Максимден калган ал кадрлардын көпчүлүгүнүн кылымдын аферасы деп аталган коррупциялык иштерге аралашкандыгы ашкереленгендиги – партияны бомбадай ичтен жарып жиберди десек болот.

КСДПДАГЫ НЕГИЗГИ КҮЧ САЯСИЙ КЕҢЕШ ЭМЕС, ФРАКЦИЯ БОЛУП КАЛДЫ

Тилекке каршы, мындай реалдуу кырдаалды эске албастан Алмаз Атамбаевдин партияга өзүнүн диктатурасын орноткусу келип, өзүн сындап койгондорду ким экендиктерине карабастан, партиянын Уставын мүчөлөр эмес, өзү бузуп, беш-алты адам менен биргеликте эле, партиядан чыгарылды деп жарыялап жаткандыгы КСДПнын абалын андан бетер оорлотууда. «Бечелге жөтөлдүн эмне кереги бар?» дегендей, партиянын тагдыры кыл учунда турганда «жөтөлбөй» эле турса болмок. Бул өңүттөн алганда, партиянын мурдагы мүчөсү, учурда «Атамбаевсиз КСДП» кыймылынын жетекчиси Сагынбек Абдрахмановдун: «Алмаз Атамбаев партиядагы ички бийликти узурпациялап алды. КСДП Атамбаевдин менчик партиясы болуп калган. Саясый кеңеш дегени лидер эмнени айтса, ошону жасайт» деп айтканы партия төрагасынын акыркы мезгилдердеги иш-аракеттерине берилген таасын баа.

Азыр КСДПнын саясый кеңешинде 37 мүчө бар. Адатта саясый кеңештин мүчөлөрү курултайда тана шайланат. Аларды партиянын жетекчисинин өзү каалагандай алмаштырганга укугу жок. Анан коллегиалдуу органдардагы бардык чечимдер көпчүлүк добуш менен кабыл алынганда гана мыйзамдуу деп эсептелинет. Ал эми КС ДПнын саясый кеңешинин 7-8 мүчөсү чогулуп алышып эле өздөрүнө жакпагандарды партиядан чыгарылды деп жарыялап жатышкандары Уставга да, КРнын коомдук уюмдар тууралуу мыйзамына да ылайык келбей тургандыгын эксперттер айтышууда.

Мына ушундай кризистик кырдаалда партиянын башкы штабы, мүчөлөрүнүн эч кимиси аткарбаган чечимдерди чыгарып туруучу саясый кеңеш эмес, парламенттеги фракциясы болуп калгандыгы ачык эле байкалууда. Анткени, ар кандай саясый уюмдун ичиндеги кайсыл топ реалдуу оийликте турса, ошол коомго реалдуу таасир көрсөтө ала турган «ядро» катары эсептелет. Бул өңүттөн алганда, КСДПдагы негизги күч анын парламенттеги фракциясы болуп калууда.

Эми партиянын мындан аркы тагдыры кандай болушу ыктымал? Бул суроого саясий серепчи Орозбек Молдалиев реалдуу пикирин айткандай болду. Орозбек мырза өз сөзүндө: «Партиядагы азыркы кризис экс-президенттин партиянын лидери катарында Кыргызстанды 2040-жылга чейин сырттан башкара берем деген планы ишке ашпай, аракеттеги президент толук өз алдынча саясат жүргүзө баштагандан келип чыкты. Бул легитимдуу мамлекет башчысынан бийлик талашуу болуп саналат. Азыр КСДП үчкө бөлүнүп калды: Саясый кеңеши өзүнчө, партиянын парламенттеги фракциясы өзунчө, ал эми жер-жерлердеги мүчөлөрүнүн көпчүлүгү Сагынбек Абдрахмановго окшогондорго кошулуп алышып, лидерине каршы иш жүргүзүп жатышат. Эгерде КСДПнын жетекчилиги партияны сактап калуу боюнча кырдаалга жараша активдүү чараларды көрбөсө, КСДП бул кризистен чыкпай калуусу мүмкүн» деген оюн ортого салды.

Нургазы Айтмырзаев

Булак: “Де-Факто”

Аргумент.kg
Жооп калтыруу