КСДПда тирешүү күч алды

Жогорку Кеңештин КСДП фракциясынын лидери Иса Өмүркулов өзүн КСДП партиясынан чыгарылганын  мыйзамсыз деп баалады. Депутат кабыл алынган чечимдин  жыйынтыгы партиянын ичиндеги тирешүүгө алып келерин билдирди. Ал арада аталган партиянын мүчөсү, депутат Ирина Карамушкина Өмүркулов боюнча кабыл алынган чечим легитимдүү болгонун айтты. 

Жогорку Кеңештин депутаты Иса Өмүркулов Кыргызстан социал-демократтар партиясынын курамынан чыгарылды. Бул тууралуу билдирүүнү партия 31-октябрда таратты.

Маалыматта Өмүркулов партиянын уставына, максатына каршы келген аракети үчүн чыгарылганы айтылат. Ошондой эле аны парламенттеги КСДП фракциясынан да чыгаруу сунушталды.

Мындай чечимге Өмүркуловдун «КСДП Атамбаевсиз» урааны алдында аймактарды кыдырып жүргөн активисттерди кабыл алуусу да себеп болгон. Бирок Иса Өмүркулов партиядан чыгарылганын мыйзамсыз деп эсептейт.

-Мыйзамсыз чечимдин жыйынтыгы партиянын ичиндеги тирешүүгө жана туруксуздукка алып келиши мүмкүн. КСДП бүгүнкү күндө республикадагы эң ири партиялардын бири болгондуктан, андагы ички тирешүүлөр саясий кырдаалга таасир бериши ыктымал. Ошол үчүн мындай кадамга барууда орчундуу бир себеп болуш керек эле да, андай маанилүү себеп жок. Мен партиянын уставына, программасына, максаттарына каршы иш кылган эмесмин.

Ошону менен бирге эл өкүлү адамдарды бирөөнүн айтканы менен кабыл албай турганын белгилеп, “КСДП Атамбаевсиз” деген ураан менен жүргөн активисттер депутат Асылбек Жээнбековдун же кимдир бирөөнүн атынан келген деген сөздөрдү четке какты. Мындан кийин өзүнүн позициясы кандай болорун алдыда убакыт көрсөтөрүн, кырдаалга жараша чечим кабыл аларын кошумчалады.

Ал арада Өмүркуловдун билдирүүсүнөн кийин КСДП фракциясынын депутаты Ирина Карамушкина журналисттерге пикирин билдирип, Иса Өмүркуловду партиядан чыгаруу чечими кабыл алынган жыйын легитимдүү болгонун, ага 10 адам катышып өзү менен кошо тогуз адам ишеним кат аркылуу катышканын маалымдады.

 Иса Өмүркуловдун миссиясы башка болгон. Ал партияны өнүктүрүү, идеяларды колдоо менен алектениши керек эле. Өмүркулов акыркы болуп жаткан окуялар боюнча фракция лидери катары пикирин так айтышы керек болчу. Азыр жер-жерлерде партиянын атынан деп өткөрүлүп жаткан жыйындарды партияга тиешеси жок эле тараптар уюштуруп жатат. Жакында эле Караколдо өттү. Партия учурда кыйын учурларды баштан өткөрүүдө. 

Карамушкина мындан тышкары, Атамбаевдин тарапкерлерине карата куугунтук уюштурулуп жатканын айтып, экс-президентке каршы активисттер менен президенттин парламенттеги өкүлү Курманбек Дыйканбаев байланышта экенин кабарлады.

Бул окуялардан соң партиянын ичинде эки тараптуу тирешүүлөр күчөгөнүн эксперттер белгилешет. Муну КСДП фракциясынын депутаты Айнуру Алтыбаева да тастыктап, бул маселе отурумда карала турганын билдирди.

-Быйыл Бишкек ЖЭБде авария болгондон кийин көптөгөн суроолор жаралып, учурда тергөө жүрүүдө. Анын артынан көп маселе чыкты. Ошону менен бирге партия ичинде тирешүү да бар. Бул маселе фракциянын отурумунда каралат.

«Өнүгүү-Прогресс» фракциясынын депутаты Исхак Масалиев аталган партиянын ичинде кырдаалды оңой эмес экенин айтып буларга токтолду.

-Мурунку президент Алмазбек Атамбаев КСДП партиясынын башчысы катары өзүнүн саясатын жүргүзгөнгө аракет кылып жатат. Буга айрым мүчөлөрдүн пикири туура келбей калууда. Кыргызда бийлик алмашканда жаңы партия түзө койсо ошого чуркашат. Бизде идеологиясы бар туруктуу бир дагы партия жок. Ошол себептен мүчөлөр чыгарылып, жетекчилери алмаштырылууда. партиялардын каражаты болсо эле шайлоодон ийгиликтүү чыгып жатат.

Саясат талдоочу Чынара Эсенгул партиянын ичинде бир максатка умтулган команда түзүү аракети болуп жатканын белгилейт.

-Акыркы саясий окуялардан кийин Иса Өмүркуловдун башкача пикири бар экенин түшүндүк. Партияда мүчөлөрдүн көз караштары ар кандай болушу мүмкүн. Бул мыйзам ченемдүү эле иш аракет. Эң негизгиси КСДП партиясынын ичинен күчтүрөөк, бир позицияда турган команданы түзүү деген аракетин көрүүгө болот.

Ал эми Жогорку Кеңештин  V чакырылышынын депутаты Равшан ЖээнбековКыргызстан социал-демократтар партиясында талкалануу процесси башталганын билдирди. Анын айтымында, КСДП бийликте турганда анын пайдасын көрүүнү көздөгөндөр катарына чогулуп калган.

-Бул партия саясатчыларды, олигархтарды өзүнө тарткан партия болду. Азыр партия бийликтен кетти, андан баардыгы кача баштады.  Атамбаев менен ашып кетсе 4-5 эле депутат калды. Бул Алмазбек Атамбаевге партиянын лидери катары аябай өкүнүчтүү болууда. Жеке менчик партияларда мүчөлөр лидерине жакпаса, тизмеден чыгарылат. Атамбаев партиясына жалаң пайда көрүүнү каалагандарды чогултуп алган. Ошондон улам КСДПда талкалануу процесси башталды.

Белгилей кетсек, 2019-жылдын 6-апрелинде Кыргызстан социал-демократтар партиясы жыйын өткөрөт. Жыйынды уюштуруу комитетин Алмазбек Атамбаев жетектемей болду.

Булак: Марал 

Аргумент.kg
Жооп калтыруу