КР — РФ алакасы: кол коюлган документтердин саны менен так суммасы айтылды…

Бишкекте өткөн кыргыз-россия аймактар аралык VIII конференциянын жыйынтыгында жалпы суммасы 6 миллиард 135 миллион долларлык 53 документке (келишим, контракт, меморандум жана жол картасы) кол коюлган. Бул тууралуу Кыргызстандын Экономика министрлигинин маалымат кызматы билдирди.

Аталган конференция 27-28-мартта өткөн.

Кол коюлган документтердин тизмеси:

  • Инвестициялык кызматташуу боюнча 35 документ — 5 миллиард 514,7 миллион доллар;
  • Соода-сатык боюнча 18 келишим — 620,16 миллион доллар;
  • Инвестициялык кызматташуу боюнча:
  • Энергетика тармагы боюнча эки документ — 2,5 миллиард доллар;
  • Жер казынасын жана тоо-кен тармагы боюнча үч документ — 1,73 миллиард доллар;
  • Өнөр-жай тармагында беш документ — 537,5 миллион доллар;
  • Соода логистика, айыл чарба жана агроөнөржай комплекси боюнча 17 документ — 497,2 миллион доллар;
  • Транспорт тармагында эки документ — 100 миллион доллар;
  • Финансы жаатында кызматташуу боюнча төрт документ — 100 миллион доллар;
  • Маалымат-коммуникация технология тармагында — 50 миллион доллар;
  • Соода-сатык тармагы боюнча:
  • Айыл чарба продукцияларын жеткирүү боюнча 13 контракт — 88,36 миллион доллар;
  • Өнөр-жай продукцияларын жеткирүү боюнча 5 контракт — 531,8 миллион доллар.

БУЛАК:sputnik.kg

Аргумент.kg
Жооп калтыруу