Крестинин: Кытай күчтүү атаандаш, бирок утса болот

Кыргызстандын футбол боюнча улуттук курама командасынын башкы машыктыруучусу Александр Крестинин, Кытайга каршы оюндун алдында акыркы даярдыктар тууралуу ой бөлүштү.

Кыргызстандын футбол федерациясы маалымдагандай, Крестинин Кытайдын командасы күчтүү атаандаш экенин, ошол эле учурда Кыргызстандын да өз артыкчылыгы бар экенин белгилеген. Ал Кытай командасынын талаадагы тактикасы боюнча маалыматтар жетиштүү экенин кошумчалады.

— Оюн эки командага тең оор болот. Бизде да, Кытай командасында да даярдыктар жакшы. Бирок, Кытай биз үчүн күчтүү атаандаш. Бул өлкөдө футбол өтө тездик менен өнүгүп жатат. Тажрыйбалуу машыктыруучусу бар. Анткен менен Кытай чоң турнирлерди ута элек жана азырынча эсеп 0:0 бойдон турат. Андыктан бардыгын оюн көрсөтөт.

БАЭде өтүп жаткан Азия кубогунун алкагында бүгүн “С” тайпасында оюндар уланып, анда Кыргызстан Кытайга каршы ойнойт.

Оюн Бишкек убактысы боюнча саат 17:00дө башталат. Матчты “КТРК-Спорт” каналы түз ободо көрсөтөт.

Бүгүн “С” тайпасында экинчи жуп саналган, Түштүк Корея менен Филиппиндин футболчулары ойношот. Мындан тышкары “D” группасындагы Ирак – Йемен командалары күч сынашат.

Булак: Азаттык

Аргумент.kg
Жооп калтыруу