Коён жүрөк Бабановдун саясый доору бүттү…

Ошентип, Өмүрбек Бабанов Москвадан мекенине кайта албай, «коркконго кош көрүнөт» дегендей болду. Ал келсе чогулган тарапташтарына провокация болмок имиш. Элди «ойлоптур»! Анда эмнеге көпчүлүтү чогултуп, шоу кылууну көздөдү?

Бийликке сес көрштүүгө азгырылды го. «Ур барабан, тарт сурнай» дегендей, оюн-зооктун коштоосунда коомчулукту дүрбөтүүгө болгон аракеттери ишке ашпады. Иш жүзүңдө Бабановду коёнго салыштыргандар арбыды. Ишенимге татыксыз экени айтылды. Дага көп тескери сөздөр жамгырдай жаады…

Натыйжада, анын саясый карьерасына сокку жасалып, баш көтөргүс абалга такалды. Өзүнө ишенбесе, духу жок болсо, тынч эле жүрө бербейби? Эгерде таза болсо, анда суракка жалтанбай келип, актыгын далилдебейт беле? Маңдемдүү жагы, артында «калбыры» кат-кат экени жалганбы? Келечекте кайрадан элибизди алдай албай калды го, себеби, факты өжөр нерсе, бу саам жүзү ачылды, доору бүттү. Деги Бабановду аферасын качанкыга чейин уга беребиз? Тойдук!

Булак: AЗИЯnews

Аргумент.kg
Жооп калтыруу