Кош бойлуу айым жана мобилдик телефон

Ыңгайлуу байланыш каражаты катары мобилдик телефондун модалуу аксессуарга айланганына көп болду. Электромагниттик нурлануунун зыяны туурасында канчалык айтылса да, бул керемет техника менен «ажырашуу» оңой эмес. Окумуштуулар чөнтөк телефону менен сүйлөшүү учурунда ал иштеп жаткан кичи толкундуу мештин кубаттуулугу менен бирдей нур бөлүп чыгарарын далилдешкен. Эгерде мындай нурландыруу улана берсе, ал организмдин клеткаларына чоң зыян келтирет. Ал эми кош бойлуу айым, анын курсагындагы түйүлдүк үчүн да чөнтөк телефонунун зыяны чоң. Бирок, кош бойлуу айым баласын сактоо үчүн сөзсүз түрдө эле телефондон биротоло баш тартуусу керек эмес. Абалдан чыгуунун жолдору бар. Ал үчүн…

Телефонду чөнтөккө эмес, сумкага салып жүрүү сунушталат. Ал эми моюнга асып жүрүү таптакыр сунушталбайт.

Айрым фирмалар кийимдерине телефон салуучу чөнтөк кошуп тигишет. Ал үчүн нурландыруудан коргоочу атайын материал колдонулат. Тилекке каршы, мындай өзгөчөлүк сапаттуу гана фирмаларга таандык жана мындай кийимди сатып алууга бардык эле кош бойлуулардын мүмкүнчүлүгү жете бербейт.

Эң жакшысы — нурду аз чыгаруучу телефон сатып алуу. Коопсуз нурландыруу деп 1 кг салмакка 1 Вт эсептелинет. Андыктан, телефон сатып алууда анын техникалык мүнөздөмөсү менен сөзсүз түрдө таанышуу кажет.

Мобилдик телефон менен мүмкүн болушунча аз сүйлөшүүгө аракет кылыңыз. Эсиңизде болсун, нурландыруунун максималдуу деңгээли телефон чалып жатканыңызда маектешиңиз телефонду көтөргөнгө чейинки учурда жана тармакты издөө учурунда болот. Бул убактарда телефонду өзүңүздөн алысыраак кармоого аракет кылыңыз. Жана байланыш начар болгон жерлерде телефонду колдонбоңуз.

Жандырылган телефонду түнкүсүн өзүңүзгө жакын коюп жатпаңыз (жаздыктын астына, керебеттин жанындагы столго ж.б.).

Бир сүйлөшкөндө 3-4 мүнөттөн ашык сүйлөшпөңүз. Ал эми бир күндө жалпысынан 55 мүнөттөн ашык сүйлөшүү сунушталбайт.

Эсиңизде болсун, сиздин ичиңизде бала өсүп жатат. Балким, сиз курбуңуз менен сүйлөшүп жаткан учурда балаңыздын эң маанилүү органдарынын бири калыптанып жаткан болушу мүмкүн. Андан көрө курбуңузга конокко барыңыз, аны менен паркка чыгып сейилдеңиз. Байланыштын мындай түрү дайыма жагымдуу жана пайдалуу.

Мобилдик телефон түйүлдүккө кандай таасир этет?

Илимий изилдөөлөр көрсөткөндөй, «мобилдик телефондун түйүлдүккө тигиндей же мындай зыяны бар» деген так жыйынтык жок. Бирок телефон өзүнүн айланасына электромагниттик талаа пайда кылып, ал талаадагыларга сөзсүз түрдө өзүнүн таасирин тийгизет. Генетиктер телефон нурландырган электромагниттик толкундар кош бойлуулуктун алгачкы үч айында түйүлдүккө көбүрөөк таасир этерин айтышат жана ал баланын кайсы бир органынын тубаса кемчилиги менен төрөлүшүнө себеп болушу мүмкүн.

Эң эле аз толкундуу электромагниттик талаа да кош бойлуу айымга терс таасир этери далилденген. Анын таасиринен кан тамырлар кысылып, ал жатынга, түйүлдүккө кандын барышына тоскоол болот. Натыйжада, түйүлдүк кычкылтектин жетишпестигинен кыйналат. Бул болсо маалына жетпей төрөө кооптуулугун 50%га жогорулатат.

Кош бойлуулук учурунда мобилдик телефонду көп колдонгон айымдан төрөлгөн бала эмоциясын чагылдыруудан, теңтуштары менен мамиле түзүүдөн кыйналат. Телефондун таасиринен улам келип чыккан баладагы мындай кемчиликтер мектепке бара турган куракка келген кезинде билине баштайт.

Мына, заманбап айымдын ажырагыс буюму болуп эсептелинген чөнтөк телефонунун түйүлдүккө тийгизген ушундай зыяндары изилденип чыккан. Эгерде балаңыздын бардык органдары талаптагыдай калыптанып, анын ден соолугу чың болушун кааласаңыз, өзүңүздүн көз ирмемдик каалооңузду курмандыкка чалыңыз!

Булак: zaman.kg

Аргумент.kg
Жооп калтыруу