Кочкор-Ата. Жээнбеков, Мадумаров.

Атайылап жасаштыбы жэ уюштуруучулар байкабай калдыбы айтоор, Адахан Мадумаров менен Сооронбай Жээнбековдун шаарчанын калкы менен жолугушуусу саат мүнөтү менен бир убакка туш келип отурбайбы? Чогулган эл ошентип чала була спектакль да көрүштү. Жээнбековдун эл менен болгон жолугушуусу аяктагандан кийин Адахан мырза микрофонду ээледи. Топ жарган чечендигине салып Сооронбай Жээнбековдун өзүн аны коштоп жүргөн Камчыбек Ташиевди, генерал Молодомуса Конгантиевди катуу жөөлөп өттү «силер кимди ээрчип алгансыңар деп». «Сага генералдыкты Бакиев бербеди беле, эмне бул жакта жүрөсүң?- дегенге чейин барды. Анан Жээнбековду «жакында боло турчу дебатка качпай келсин»- деп катуу эскертти. Чындыгында эле Адахан Мадумаровдун чечендигинде кеп жок. Эми албетте, Жээнбеков деле теле дебаттан качпас. Ошондо Мадумаровдун деле Бакиев учурунда бийликте жүргөнүн,  2010-жылы бийликке каршы аянтка чыккан жаштарды Адахан мырза эмне деп атагандыгын эсине салаар. Жээнбеков Бабанов тирешинен кийин теле дебаттардын кызыгы кайтты деп ойлоп калдык эле. Эми Жээнбеков адумаров тиреши болчу өңдөнүп калды.Эмне болоор экен? Аз калды,күтө туралы.

Булак: ARGUMENT.KG

Аргумент.kg
Жооп калтыруу