Кофенин көзгө кандай пайдасы бар?

Компьютер алдында узак убакыт отуруп жумуш аткаргандар үчүн кофе абдан пайдалуу. Анткени кофе көздөгү жашты пайда кылууга жардам берет. Бул маалыматты Токио университетинин окумуштуулары аныктаган.

Убактысынын көп бөлүгү монитордо өткөн адамдарда “Көздүн кургоосун” байкоого болот. Мындай адамдардын көзү кычышып, ачышып, жаш бөлүп чыгаруу процесси токтоп калат. Ошонун айынан көз оорулар пайда болуп, көз бат чарчоого кабылат.

Мындай шартта окумуштуулар адамдарга кофе жардамга келе тургандыгын белгилеп өттү. Жумушка отуруудан мурун бир чыны кофе ичүү көзгө пайдалуу.

Изилдөөгө окумуштуулар 78 адамды алган. Алардын жарымына таңкы ондон түшкө чейин плацебо таблеткасын, экинчисине кофеин таблеткасын берген.

Натыйжада колфеин колдонгондордо жашты көбүрөөк бөлүнүп чыккандыгы байкалган.

БУЛАК: zaman.kg

Аргумент.kg
Жооп калтыруу