Коррупциялык иштерге Фарид Ниязов да аралашканбы?

1-октябрда өлкөбүздө мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлердин 2017-жылдын жыйынтыктары боюнча тапшырган декларацияларын текшерүү аяктап, эми алардын туура эмес толтурулгандарын, шек санаткандарын кошумча талдап, тастыктоо жүргүзүлүүдө.

Алардын арасында АШАнын башкы идеологу, анын медиа-империясынын башкы көзөмөлчүсү Фарид Ниязовдун фамилиясы барбы, жокпу, аны билбейбиз, салыкчылар декларацияларды текшерүүнүн жыйынтыктары боюнча материалдарды мамлекеттик сырдан бетер жашырышып, таптакыр конкреттүү фамилияларды аташпай жатат, бирок Фарид Ниязовдун АША бийликте турганда оокат-тиричилигин абдан эле оңдоп-түздөп алгандыгы, андан да быйыл өз декларациясын мөөнөтүнөн эки жумадай кечиктирип тапшыргандыгы чындык. Ал бир айдын ичинде байлыгын эсептеп чыкканга үлгүрө алган эмеспи? Мындан эки жыл мурда “Ата Мекен” партиясынын лидери Өмүрбек Текебаев парламентте: “Декларацияларыбыз боюнча менин кирешем, Фарид Ниязовдукунан он эсе көп экен. Бирок, анын кыймылсыз мүлктөрү 13 болсо, меники анын жарымына да жетпейт. Ал аларды кайсыл акчаларына алган?” деп таң калгандыгы эсибизде.
Ооба, депутатты таң калтыргыдай бар. Анткени, азыр Фарид Ниязов мамлекеттик чиновниктердин арасындагы эң ири жер ээлеринен болуп саналат. Аялы экөөсүнүн батир, үйлөрдөн сырткары 40 гектарга жакын жери, кашары, трактору бар. Кашары болгондон кийин ал жерде жок дегенде кой-эчкилери да болушу керек. Жок дегенде тоок-үндүк да бакпаса, кашарды башына урмак беле. Ал эми жерин өзү иштетпесе, ижарага да болсо берери бышык. Бирок, ал өз декларациясында жеринен жана кашарында багылып жаткандардан канча киреше алгандыгын көрсөтө элек. Ал өзүн жарытылуу машинеси да жок, кедей окумалдардын бири катарында көрсөтүүгө аракеттенет. Бирок, шибегени капка ката албагандай, кийингендери, тагынгандары, баскан-турганы аябагандай эле оокаттуу адамдардан экендигин айгинелеп турат. Костюм-шымы эң кеминде 2,5 миң доллар турат. Жакындан билгендер анда ар кандай түстөрдөгү, фасондордогу андай костюмдар ондон ашык дешет. Колуна тагып жүргөн сааты кеминде бир жол тандабас жаңы машинадан кымбат турат. Чын эле кедей окумалдардан болсо, аларга каражаттарды кайдан тапкан?

Фарид Ниязовдун кожоюну АША өзүн дайыма таза, коррупционерлердин атын укса эле аллергиясы күчөп кетчү адамдай көрсөтүүгө аракеттенчү. Иш жүзүндө кандай болуп чыгып жаткандыгын да көрүп жатасыздар. АШАнын андай иштерине бөлүм башчылары гана аралашып, аппаратынын жетекчиси четте калган деп ойлоо аңкоолук болмок. Сырттан келген инвесторлордун, кендерди иштетүүгө талапкерлердин бардыгы алгач аппарат жетекчисинин ауденциясынан өтүп, анан АШАга кирип жүрүшкөндөрүн Ак үйдүн мышыгы деле билет. АШАны туйтунткандар анын “оң колун” кандай майлашкандары азыр тергелип тескелүүдө. Фарид байкебиздин 5-6 жылдын ичинде эле ири жер ээсине айланып, “Brioni” менен “Kitonдон” кийине баштагандыгына караганда жаңжалдуу долбоорлордон ал деле “кол уштугун” жакшы эле алса керек. Алардын негизги суммалары АШАныкындай оффшордук зоналарда жатса, “майда тыйын-тыпырларына” жогоруда айтылгандарды алып жаткандай. Бирок, башка фигуранттардан башталган жаңжалдар ага качан жетээр болду экен? Коррупциялык иштерге ортомчу болгондор да өз жазаларын алуулары керек.

Булак: Чындык 

Аргумент.kg
Жооп калтыруу