Коррупцияга шектелгендерге «саясый куугунтук» жарлыгы тагылабы?

Камактагы Сапар Исаков, Кубанычбек Кулматов, Албек Ибраимовдордун көңүлдөрү ток экени кабарланды. Бир жылдан ашса да булар айыптарын моюн алышпай, кайра соттор менен прокурорлорду «какатып», каткырып күлүп темир тор артында отурушканы эмнени билдирет?

Аябетте, түрмөгө көнүшүп, өздөрүнүн укуктарын эркин коргоп жатышканы сезилүүдө. Ошол эле маалда тергөөнүн чийки өткөнү, андан берки соттор, прокурорлор профессионалдык иштерин жүргүзө албай жатышканы да себепчи болууда.

Эгерде мындай нукта иш улана берсе, эртең коррупцияга айыпталгандарга «саясый куугунтук көргөндөр» деген чапан жабылып, эл алдында колдоого ээ болуп кетишсечи? Негизи бийлик органдары ошого түртүп атышкандай…

Бизге жеткен маалыматтар боюнча, Исаков, Кулматов жана Ибраимовдор түрмөдөн жакында чыгыша турганын айтышып, керек болсо бийликке келишип, душмандарды жазалоого өтүшөрүн каңкуулашканы эмнеси?

Митинг, башаламандыктар менен чыгып кетишеби? Олуттуу суроолор көп. Бирок, реалдуу иш жок болуп, мамлекетгүүлүккө жарака кетпейби?

Өкмөт, укук коргоо органдарында «чала кадрлар» отурушса, балээни башыбызга жакындаткан кербезибиз ушулбу?..

Булак: АЗИЯnews

Аргумент.kg
Жооп калтыруу