Коррупцияга каршы күрөштүн алгачкы жыйынтыгы: өлкө казынасына 100 миллиондой каражат кайтарылды

Кыргызстанда коррупцияга каршы жасалма көрүш токтоп, чыныгы паракорлордун сары изине түшүү, аларды камакка алып, уурдаган акчаларын кустуруу аракети чечкиндүү башталды. Буга президенттин бекем эрки, катуу талабы да чоң түрткү болууда. Маселен, Бишкек ТЭЦи боюнча козголгон кылмыш иши боюнча эле 11 эң жогорку эшалондо турган чиновниктер камакка алынса, бюджетке каражат төгүүдөн качкан бир катар ишканаларга да кылмыш иштери козголду.
Жыл сайын кылмыштуу иш аракеттердин натыйжасында мамлекеттик казынага миллиарддаган чыгым келтирилет экен. УКМК тарабынан бюджеттик каражаттарды уурдоо жана акчаларды мыйзамсыз чыгарып кетүү ( Кошумча нарк салыгын мыйзамсыз кайтарып алуу) фактысы боюнча козголгон кылмыш ишин тергөө уланууда. Эң маанилүүсү, бүгүнкү күндө чыгымдын жалпы суммасынын 95 млн. 478 миң 692 сому мамлекеттик бюджетке кайтарылган. Буга укук коргоо органдарынын салымы чоң болду.
Буга чейин президент Сооронбай Жээнбеков коррупционерлерди кустуруу аракети болорун, ал үчүн атайын банктык эсеп ачыларын жарыялаган. Учурда Кыргызстанды көп жылдан бери тоноп келген чиновниктер камакка алынууда. Демек, бул азаматтар да кусканга аргасыз болот. Коомчулук өлкө жетекчилеринин мындай кадамын колдоого гана алып турса, далай уурулар камалат.

БУЛАК:maalymat.kg

Аргумент.kg
Жооп калтыруу