“Коопсуз шаар” долбоору конучуна кирбесе болду

Өткөн жумада эле жол эрежени бузгандардын саны 108 миң 137ге жеткендиги расмий белгилүү болду. Тийиштүү мекеменин түзгөн протоколдорунун ичинен “Коопсуз шаар” долбоорунун ишинин жыйынтыгы менен 42 миң 168 эреже бузуунун акчасы төлөнгөн. Бул жалпы сандын 44,5 пайызын түзөт. Учурда “Коопсуз шаардын” биринчи этабы ишке ашып, экинчисине даярдыктар башталды. Маалыматтарга караганда калаанын ар жерине кошумча 19 камера орнотулган. “Коопсуз шаар” жол кырсыгынан болгон өлүмдү 68,8 пайызга азайтты деп айтышууда адистер. Чындыгында бул долбоордун келечеги жакшы болоорунан эч ким деле шек санаган жок. Шаардагы жол эрежелеринин сакталышы кадимкидей байкалат. Бирок, айып пулдардын кымбат экендиги жөнөкөй айдоочулар тарабынан эмес, депутаттардын деңгээлинде да сөз болууда. ЖКнын депутаты Кожобек Рыспаев дагы, “Коопсуз шаар” долбоорунун алкагындагы айып пулдардын жашоо шартка, айлык акыга туура келбей калгандыгын айтууда. Чындап эле айып пулдардын кымбат экени бута чейини коомду катуу дүрбөтүп, бирок ушул эле депутаттар эң туура чечимдер болгонун айтышып, колдоп беришкен болчу. Тилекке каршы, айып пулдардын азыр казынага түшкөн кирешеси менен бааланып жатканы менен эл арасында бир топ нааразычылыктар болуп жатканы ачык айтыла элек. Айрым маалыматтарга караганда, айып пулдарды көпчүлүк айдоочулар төлөгөн эмес. “Ал эртең үстөк акчаларды алып келет”-деп өкмөт купшунган менен коомдо бул чоң жаңжалга алып келет деген сөздөр күчүндө. Унааларды каттоо иштерин алгач жүргүзбөгөн өкмөт саясаты, жакшы долбоорду жаңжал коштогон, ийгиликсиз жолго алып барат деген шектенүүлөр ар тараптан айтылууда.

Булак: «Факты.kg»

Аргумент.kg
Жооп калтыруу