Коомчулукта чуу жараткан мумияда эмне сыр бар?..

1957-жылдан бери Мамлекеттик тарых музейинде сакталып турган белгисиз кыздын мумиясы 14-октябрда Баткен облусунун Кара-Булак айылындагы Мактым-Гөр деген жерге кайрадан коюлган. Тиешелүү мекемелердин бул аракети окумуштуулар арасында нааразычылыкты жаратып, коомдо эки ача пикир пайда болуп, кызуу талкууга алынууда. «Улут уюткусу» уктуруусунда дал ушул мумиянын тагдыры, анын айланасында жаралган маселелерге кеңири токтолдук.

Дээрлик 60 жылдан бери Мамлекеттик тарых музейинде сакталып турган белгисиз кыздын мумиясынын жерге коюлуусу коомчулукта бир топ чуу жаратты. Бул кадамга өзгөчө окумуштуу-археологдор нааразы. Алардын айтымында, мумияга эл аралык деңгээлде изилдөө жүргүзүлүп, ал тууралуу маалыматтар такталышы керек болчу. Музейдеги баалуу делген экспонатты жерге берүү чечими эч бир окумуштуу-археологдор менен кеңешпей, өз алдынча чыгарылгандыгын айтышууда. Мындан улам бул иш күмөн жаратып жаткандыгын билдирип чыгышты.

Мумиянын буга чейинки тарыхы жана тагдыры тууралуу Улуттук илимдер академиясынын Археология бөлүмүнүн башчысы Кадича Ташбаева төмөндөгүлөргө токтолду.

— Мумия 1956-жылы казылып алынган. 1959-жылы ал тууралуу китеп чыккан. 1968-жылы биринчи Кыргызстандын тарыхы боюнча китеп чыгып, анда Кара-Булак көрүстөнү менен мумия тууралуу толук маалымат берилген. Ал тургай биринчи жолу Кара-Булак маданияты ачылган. Археологияда маданияттын ачылышы оңой эмес. Андан кийин бүгүнкү күнгө чейинки чыгып аткан тарых китептери дагы ошол археологиялык материалдардын негизинде жазылган. Кол жазмаларды бир гана ушул материалдар далилдейт жана аларсыз биз тарыхты далилдей алмак эмеспиз. Өмүрүндө бир китеп окубаган адамдар эле изилдебейсиңер деп жатышат. Мумия изилденген. Ал 4-5-кылымдардагы Гун дооруна таандык деп айтылган. Бул доордо бир топ уруулар жашаган. Радиоуглероддук анализ менен аны дагы изилдеп, 20-30 жылдык айырма менен датасын берсе болот эле. Ушунун өзү эле кандай тактык. Балким 10-15-жылан кийин дагы 5-6 жылдык айырма менен берүүгө мүмкүнчүлүк болот эле. Мумияны изилдеп, ДНКсын аныктоо үчүн илимдин өнүгүшү менен дагы жакшы мүмкүнчүлүктөр ачылып атат. Аны археологдор менен тарыхчылар эмес, атайын адистер – медик-генетиктер, физик, химиктер жасайт. Компьютердик томография бизде акыркы жылдары эле пайда болду да. Эми ушундай шарттар болуп жатканда мумияны жок кылып атышат. Мыйзам боюнча Тарых музейиндеги табылгалар өмүр бою сакталып туруш керек. Маданият министрлиги өздөрү тарабынан иштелип чыккан мыйзамды бузуп жатат. Экспонатты музейдин фондунан чыгаруу үчүн көп иш аткарыш керек эле. Ал өрттөнүп кеттиби же эмне болду ким билет. Ошол нерселерди жылдар бою изилдеп, «аны сактоого жарабайт» деген чечим чыккандан кийин гана келишим баракчасын түзүп, адистер гана чечиши зарыл болчу. Бирок, ушул процедуралардын бардыгы бузулду. Акыркы учурда музей жабык болгондуктан, биз деле мумияны көргөн жокпуз. Аны сактоого эч кандай каражаттын деле кереги жок болчу. Адистердин айтымында, аны 50 жылда бир жолу бальзамдоого болот. Ал миллион акча турбайт. Болгону аны вакуумда гана сакташ керек болчу. Мумияны экспонат катары элге көрсөткүсү келбесе, фондуда сакталса болмок.

Мумияны көмүү боюнча чечим атайын түзүлгөн комиссия мүчөлөрүнүн добуш берүүсү аркылуу кабыл алынган. Комиссиянын курамына окумуштуу-археологдор жана ИИМдин, Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин, Билим берүү министрлигинин, Билим берүү академиясынын, Маданият министрлигинин өкүлдөрү кирген. Бирок, окумуштуулар мындай чечим көз ачыктардын, бүбү-бакшылардын айткандарына ишенип кабыл алгандыгын белгилешет. Андай баалуу тарыхый табылганы изилдеп, аныктап чыгууга техникалык жана башка жактардан эми гана мүмкүнчүлүктөр түзүлүп келе жаткан. Ошондуктан, аны тез арада кайра казып келип, ордуна коюу керек, — дейт Кадича Ташбаева.

 Көзү ачыктар, бүбү-бакшылар 20 жылдан бери ушул маселени көтөрүп келе жатышкан. Бизге дагы далай тажатып келишкен. Ошолордун ишенимине кирип эле министрлик ушундай чечим чыгарып койду. Айрымдар «мумияны көмгөн үчүн шайлоо тынч өттү» деп атышат. 2 миң жыл мурдагы доорго таандык болгон экспонаттын биздин шайлоого кандай тиешеси бар?!. Мындай кадам менен биз мамлекеттүүлүгүбүздү, идеологияны өзгөртүүгө баратабыз. Ошону ойлош керек. Аны эми тез арада казып алып келүү зарыл. Себеби, ал 60 жылдан бери вакуумда тургандыктан, бир айдын ичинде жок болот. Бизде мүмкүнчүлүктүн, радиоуглероддук анализдин жоктугунан музейде дагы көптөгөн экспонаттар изилденбей турат. Анда аларды дагы алып барып көмүп салалы… Бул биз үчүн абдан чоң жоготуу. Башка коңшу өлкөлөрдө жок андай мумия. Кара-Булакта миңден ашык мүрзө болсо, анын 40-50сү гана казылып, бир эле мумия чыккан. Ал көрүстөндүн калгандарын дагы казып, изилдесек болмок.  

Ошондой эле, мамлекет тараптан бир тыйын акча каражаты бөлүнбөсө дагы алгылыктуу иштер аткарылып жаткандыгын, «археологдор эч нерсе жасабайт» деген сөздөр туура эмес экендигин Кадича Ташбаева кошумчалады.

Ал эми, маданият, маалымат жана туризм министри Түгөлбай Казаков өз учурунда мындай нааразычылыктарга жооп кайтарып, мумия 60 жыл изилденбей кароосуз калгандыгын, аны көмүү чечиминде эч кандай мыйзам бузуу болбогондугун билдирди. Анын айтымында, бул маселенин көтөрүлүшү бир гана мумиянын тагдырына байланыштуу эмес, кимдир бирөөлөрдүн аны кызматынан алуу аракети болууда.

— Биз бул жерде эч кандай тартип бузган жокпуз. Ушул жылдын февраль айында «Музейлердин ишмердүүдүлүгү жөнүндөгү» мыйзамды кабыл алганбыз. Анда Маданият министрлиги мыйзамды аткаруучу катары кирген. Ошондуктан, музейдеги экспонаттарды тизмеге киргизүү жана чыгаруу чечимин өз алдынча чыгарууга укугу бар. Эмне себептен мумиянын жерге берилиши мынча чоң маселени жаратууда?!. Бул жерде башка сыр бар. Муну мен ачык эле айтам. Журналисттерди жана айрым адамдарды бир гана мимиянын тагдыры кызыктырган жок. Алар мени кызматтан алып, керек болсо түрмөгө дагы отургузуу аракетин көрүүдө. Бул маселе кечээ же бүгүн эле чыга калган жок, көптөн бери козголуп келе жатат. Мындан улам ачык айтууга аргасыз болдум. Мимиянын жерге берилиши ал аракетти ишке ашырууга жакшы мүмкүнчүлүк, факт болду. Бул ишти укук коргоо органдары текшерип чыксын. Мен ага каршы эмесмин.

Министрдин маалыматы боюнча, белгисиз кыздын мимуясы 1957-жылы табылып, ошондон бери Мамлекеттик тарых музейинде сакталып келген. Бул убакыт ичинде бир дагы окумуштуу келип, мумияны изилдеген эмес. Ал жөн гана экспонат катары турган. Совет мезгилинде гана бир жолу бальзамдалган. Андыктан, сөөктү кордобой, аны жерге берүү чечими кабыл алынган. Кыргыз эли эч качан сөөктү кордогон эмес, — дейт Түгөлбай Казаков.

— Бул байкуш мумия 60 жыл музейде жатты. Бул убакыт ичинде бир дагы археолог, антрополог же генетик келип, изилдеген эмес. Мумия менен эч кимдин иши болгон жок. Жөн гана экспонат катары турган. Анын эмне экенин, ким экенин өздөрү дагы түшүндүрүп бере алышкан эмес, илимий тактамасы жок. Музейге келгендер мумия тууралуу сураса эмне деп жооп беришибиз керек. Айрымдар Египеттеги мумиялар тууралуу айтып жатышат. Фараондор конкреттүү тарыхый адамдар болгон. Мисалга, Москвада Лениндин мумиясы сакталган. Ага атайын кам көрө турган адамдар жана каражаттар бар. Бизде анын бири дагы жок. Бир кезде мумияны изилдөө үчүн Улуттук илимдер академиясына өткөрүп берүү сунушталса, шарттын жоктугунан академия баш тарткан. Бул мумияны Союз учурунда Эрмитаждан адистерди чакырып, бир жолу бальзамдалган. Бирок, өлгөн адамдын сөөгүн сыйлоо керек. Ансыз да анын сөөгүн 60 жыл кордодук. Аны көмүлгөн жеринен казып келип, эч кароосуз сактоонун өзү вандализм болуп саналат. Тарых музейи мумияны изилдөөгө акысы жок, анткени, ал илимий мекеме эмес. Бул окумуштуулардын иши. Алар эмнеге 60 жылдан бери изилдебей, бүгүн ойгоно калышты?.. Мындан 5-6 жыл мурда министрликтин чечими менен 50гө жакын баш сөөктөр көмүлгөн. Анда эмнеге биздин окумуштуулар унчуккан жок?.. Эмнеге ал сөөктөрдү изилдешкен эмес?.. Адамдын сөөгүн кордоо туура болбойт. Аны же аягына чейин изилдөө керек, же көмүү керек болчу. Ошондуктан, мен муну туура чечим деп эсептейм. Биз бул маселени адамзаттын тарыхынын башталышын бузуп жаткандай кабыл алып жатабыз. А ким айта алат адамзаттын тарыхы ушул мумиядан башталаарын?..

Ошондой эле, эгер окумуштуулар изилдөө жүргүзөбүз десе, мумиянын терисинин жана чачынын бир бөлүгү Тарых музейинде сакталып тургандыгын, азыркы заманбап изилдөө, аныктоо иштерине ошол материал жетиштүү экендигин Түгөлбай Казаков белгилейт.

Мумия көмүлгөн соң анын айланасында ар кандай күмөн ойлор, божомолдор болду. Айрымдар өткөн жылы Тарых музейинде өрт чыкканда экспонат күйүп кетиши мүмкүндүгүн айтышкан. Буга Мамлекеттик тарых музейинин директору Анаркүл Исраилова мындайча жооп берди.

— Өрттөндү деген маалымат туура эмес. Аны тарыхчылар, комиссиянын мүчөлөрү, министрликтин статс-катчысы көргөн. Тарых музейинде өрт чыкканда чарба буюмдары турган жак өрттөнгөн. Эгер ал өрттөнүп кеткен болсо, анын көмүлүшү мындан дагы оңой болмок. Музейдин жобосу боюнча абалын жоготкон экспонаттар тизмеден чыгарылат.

Аталган маселеге президенттик шайлоо күнү өлкө башчы Алмазбек Атамбаев дагы токтолуп, өз оюн айткан. Ал маалыматты угуп капалангандыгын, бирок, иштин жоопкерчилиги каралаарын билдирген.

— Окуп алып кайгырдымӨзүн калп эле мусулманмын дегендер пайгамбардын сөзүн унутуп жатышатМухаммед пайгамбар бизге айткан күчтүү насааттардын бири “билимгебир саат берсең түнү менен намаз окуганга барабарбилимге бир ай берсен үч ай орозо кармаган менен барабар” деген сөздөрүн унутупжанагыдай бакшыларды угуп кеткендей… Билбеймкандай болуп кеттиБул туура эмес нерсеБолгон иш болдуКөрөбүзэми жоопкерчиликке тартылгандар деле болот го.

Мумияны жерге көмүүнүн айланасында чыккан маселе өткөн жумаларда Жогорку Кеңештин трибунасында дагы көтөрүлүп, айрым эл өкүлдөрү ар кандай сөздөрдүн аягына чекит коюу керектигин айтышты. Маселен, депутат Рыскелди Момбеков тармактык комитетке Маданият министрлигинин чечимин карап чыгуу тапшырмасы берилсин деген сунуш киргизген.

— Тарых музейиндеги мумиянын жерге көмүлүшү коомчулукта чоң талкууга түшүп кетти. Мен ал мекемеде иштеп кеткен министр катары айтайын, мунун астында чоң «иттин өлүгү» бар. Эмне үчүн 60 жыл жаткан мумияны окумуштуулар изилдеп, ачылыш жасаган эмес дагы, чирип бара жаткан сөөктү жерге бергенде чуу чыгарып жатышат. Менден кийин ал жерде алты министр иштеди. Мумиянын абалын барыбыз билчүбүз. Ал боюнча бир дагы кагаз жүзүндөгү далилдүү документ жок. Ал сөөктү чет өлкөгө чыгарып сатуу деген демилге болгон. 500 миң долларга чыгарып кетем деген кардарлар дагы чыккан. Ошондуктан, тармактык комитетке Маданият министрлигинин чечимин карап чыгуу боюнча тапшырма берилиши керек. 

Коомчулукта жаралган мындай эки ача пикирлерден улам атайын адистердин дагы оюн угуп көрүүнү туура көрдүк. Археолог Кубат Табалдиев адис катары мумиянын көмүлүшү туура эмес кадам деп эсептейт. Анын пикиринде, мумияны баалуу тарыхый экспонат катары гана карап, аны сактоо зарыл болчу.

— Мыйзам боюнча экспонаттын кереги барбы, же кереги жок экендигин министрликтердин өкүлдөрү чечүүгө акысы жок. Музейдин ар бир экспонаты баалуу деп эсептелет. Себеби, ар биринин илимий баасы бар. Дүйнөлүк тажрыйбаны алып караганда, азыркы мезгилде ушул сыяктуу мумияларды изилдеп, алардан баалуу маалыматтарды алып, байыркы маданиятты дүйнөгө таанытуу боюнча иштеп жатышат. Биз андай мүмкүнчүлүктөргө эми гана жетишип жатабыз. Илим өнүгүп жаткан убакта уникалдуу экспонаттын жерге көмүлүшү абдан туура эмес чечим болду. Бул Санкт-Петербургдан келген адистер тарабынан консервация кылынган. Бузулуп бара жаткан дегендердин бары жасалма сөздөр. Ооба, чындыгында кыргыздар маркумдун сөөгүн урматтап көмүп, анын зыйнатын аткарчу. Бул болсо археологиялык экспонат. Көп жылдан бери археологияны изилдеген адам катары жерден кандай гана сөөк, буюмдар табылбасын аны изилдеп, сакташыбыз керек деп айтат элем. Анткени, биз тарыхты изилдеп, анан келечекке кадам коебуз. Биз дайыма кыргыздар байыркы эл деп айтып келебиз. Бирок, башка жактан бирөө келип, ошол байыркылыгыбыздын далилин сураса эмне деп жооп беребиз?!.  

Эске салсак, 1957-жылдан бери Мамлекеттик тарых музейинде сакталган белгисиз кыздын мумиясы 14-октябрда Баткен облусунун Кара-Булак айылындагы Мактым-Гөр деген жерге коюлган. Айрым маалыматтар боюнча ал 4-5-кылымдарга таандык экендиги айтылат.

Булак: maralfm.kg

Аргумент.kg
Жооп калтыруу