Колтугуңуз тынымсыз тердейби? Анда…

Күнүмдүк тиричиликте аспирин дарысын сасык тумоолоп калганда, баш ооруганда колдонобуз. Бүгүнтөн баштап аны ар кандай маалда колдонуу менен пайдасын көрсөңүз болот.

1. Жүрөк оорусу кармап калган учурда аны жеңилдетип, жүрөктү бошоңдотуу үчүн аспиринди колдонууга болот. Себеби аспирин кандын айланышын жакшыртып, анын натыйжасында токтоп калган тромбоциттер ишке кирет. Жүрөгүңүз капысынан кармап калган учурда аспиринди суу менен ичип албай, оозуңузга салып соруңуз да, тез жардамды чакырыңыз. Суу менен ичип алганга караганда соргондо таасирдүү болот.

2. Дайым тердеп турган колтуктун кесепетинен кийимдин колтугуна сары так пайда болуп, кетпей калат. Мындай учурда 2 таблетка аспиринди 2 аш кашык жылуу сууга эзиңиз да, көйнөгүңүздүн колтугуна сүйкөп коюңуз. 15-20 мүнөт өткөн соң жылуу суу менен көйнөгүңүздү жууп салыңыз. Ушул эле ыкма менен көйнөктөн кетпей калган кандын тагын да кетирсеңиз болот.

3. Чачыңыздын өңү өчүп, кир сыяктуу көрүнүп, кубатын жогото баштаган учурда аспирин колдонсоңуз, чачыңыз жылтылдап, түптөрү бекемделип калат. Бул үчүн 8-10 таблетка аспиринди 3 стакан жылуу сууга аралаштырып, чачыңызга шыбап 15-20 мүнөт күтүңүз да, шампунь менен жууп салыңыз.

4. Безеткини аспириндин жардамы менен кетирүү үчүн 1 таблетканы майдалап эзип, аны бир тамчы жылуу сууга аралаштырып, пайда болгон паста сыяктуу суюктукту безеткинин үстүнө коюңуз да, 10-15 мүнөт күтүңүз. Эми жылуу суу менен жууп салыңыз. Ушул эле ыкманы чиркей чагып алган маалда да колдонуу пайдалуу. Так калбайт, дене кычышпайт.

5. Аспиринди гүл багуучулар органикалык жер семирткич катары колдонуп келишет. 1 таблетка аспиринди 5 литр сууга аралаштырып аны менен гүлдөрдү сугаруу керек. Дарынын курамындагы салицил кислотасы гүлдөрдү ар кандай чымын-чиркей, курт-кумурскалардан сактайт. Мындан тышкары куурап, тамыры соолуп бараткан гүлдөргө жан киргизип алардын жашап кетишине шарт түзөт.

6. Чачыңыз какачтап кыжалат кылган учурда 2 таблетка аспиринди эзип туруп бир ууч шампунга аралаштырып, чачыңызга сүйкөп жарым саат кармаңыз. Жарым сааттан кийин башыңызды жылуу сууга жууңуз. Какачтан кутуласыз.

7. Арак ичкендин эртеси башыңыз сынып ооруганда аспирин ичиңиз. Ал арактын уусун боордон айдап чыгат. Мас абалда деле бир таблетка аспиринди ичип алуу аз да болсо баш ооруну азайтат.

БУЛАК: Гезит.кж

Аргумент.kg
Жооп калтыруу