Кой-Ташка барган Сурия Кадырова Бабановдун тайэжеси эмес экени тастыкталды

Социалдык тармактарда Сурия Кадырова деген апа өзүн Өмүрбек Токтогулович Бабановдун тайэжесимин деп атап Кой-Таштагы «Элдик штабга» барды деген маалымат таркап жатат. Бул маалымат 100% чындыкка туура келбей турганын Өмүрбек Токтогуловичтин бир тууган эжеси Бакен Бабанова билдирди. Бизге жеткен маалымат боюнча Сурия Кадырова эжекебиз Бишкекте турат экен. Ал эми Өмүрбек байкенин 2 тайэжеси бүгүнкү күндө бар, бири Турцияда, экинчиси Таласта.

Аргумент.kg
Жооп калтыруу