Кожобек Рыспаев: “Эркиндик бульвары итканага айланды”

“Бишкектин Эркиндик бульварына эрте менен саат 7де чыгып басып көрсөңүздөр, бульвар, бульвар эмес эле итканага айланып кетет экен, Бишкек мэриясына тапшырма бергиле, тартип орнотушсун”, – деп билдирди бүгүн, 7-февралда парламенттин кезектеги  отурумунда депутат Кожобек Рыспаев өкмөттүн өкүлүнө кайрылып.

“Ити бар жарандар жайнаган, ондогон иттерин ойноткону жетелеп чыгышат экен, иттерине ооз каптар тагылбаган, ал иттер тияк-биякка чуркап, сийип-чычып ойношот экен. Анан ал иттерди көрүп жолбун иттер келет. Алардын баары Эркиндик бульварын булгап жатышат. Ал жерде жаш балдар ойношот, иттин шилекейинен, сийип-чычканынан ар түрдүү оорулардын вирустары калат. Эхинококкок сыяктуу  оорулар балдарга жугат. Ошондуктан өзүбүздүн түкүрүктөрдү эле куугунтуктай бербей бул жагын да карап койсок. Ит ээлери иттерин ооз кап тагып алып чыксын,  эгер ити сийип-чычса тазалап алып кетишсин. Жолбун иттерди ит атарлар  атышсын. Кыскасы бульвардагы санитардык абалды тартипке салышсын”, – деди  депутат Кожобек Рыспаев.

Булак: Kyrgyztoday.kg

Аргумент.kg
Жооп калтыруу