Кожобек Рыспаев сөз эркиндигине кол салгысы келеби?

Жогорку Кеңештин депутаты Кожобек Рыспаев кадыр-баркыма, ишкердик беделиме шек келтирди деп «Ачык саясат» гезитин 1 миллион сомго сотко берди. Алгач, 300 миң сом доо коюп, кийин аны 1 миллион сомго көтөрдү. Кыязы, кадырын аз баалап алган көрүнөт. Эми бул жагдай сөз эркиндигине болгон кызылдай эле кысым экени талашсыз чындык. Албетте, бир жыл мурунку жазылган маалыматты эми эстеп, эми араң аброюн, кадырын ойлонуп жаткан Рыспаев түшүнөн чочуган же кимдир бирөөнүн «камчысы» болуп шилтенип, «Ачык саясат » гезитин жаптырууну максат кылып жатат… Башкача ой- жорууга мумкүн эмес.

БУЛАК: Фабула

Аргумент.kg
Жооп калтыруу