КЛАРА Алибекова: «Милиция кызматкерлерин көрсөм коркуп калтырай турган болуп калдым»

Өткөн жумада ырчы Клара Алибекова тууралуу видео интернетке тарап, социалдык тармактарда чоң талкууну жаратты. Ал видеодо коркконунан өңү боппоз болгон ырчы кыз өзүнө кимдир бирөөнүн кол салганын машинанын ичинде милиция кызматкерлерине эптеп айтып берип жатканы, а милиция кызматкерлери болсо ага: «Крышаң кетип калган эмеспи?» — деген шылдыңдоо иретиндеги ар кандай суроолорду бергендери тартылган. Учурда социалдык тармактарга тарап кеткен бул видеодогу милициялардын кылыгы кескин сынга алынып, ырчы да алардын үстүнөн арыз жазды.

 

— Клара, учурда абалың кандай, интернетке тараган видео сени бир топ эле ойго салган болсо керек?

— Чынын айтсам, азыркы учурга чейин өзүмө келе элекмин, депрессиядамын десем болот. Күтүүсүздөн өтө жагымсыз нерсе болду. Мени коркутуу окуясынан кийин стресс болуп үйдө жаткам. Анан эле ырчылар телефон чалып: «Сен тууралуу видео бизге WhatsApp аркылуу келип жатат. Сени шылдыңдаган милициялардын үстүнөн арыз жаз», — дей башташты. Ошондо гана 4 күн мурун болгон окуя эсиме түшүп нес болуп калдым. Интернетти ачсам темасы да шумдук экен. Бул окуянын таасиринен өзүм чыга албай жатканда өлгөндүн үстүнө көмгөн болуп андан бетер жаман болдум. Ыйлап, стресс болуп жатып да калдым.

— Окуя кайсы күнү, кандайча болду эле?

— 27-сентябрь күнү эле. Мен чакыруу алып тойго баргам. Ал жактан чыгып, өзүм жашаган районго келип дүкөнгө кайрылып майда-чүйдө алып чыктым. Дүкөн менен үйдүн аралыгы жакын болгондуктан жөө эле басып бараткам. Бир убакта күтүүсүздөн артымдан бир бала келип муунта баштады. Мен каршылык көрсөтүп: «Коё бер эле коё бер!» — деп баштыгым менен чапкыладым эле баштыгым жыртылып, ичиндегилер ар жакка чачырап кетти. Анан чуркаган бойдон качтым. Ал артымдан кууп дагы кармаганга аракет кылды. Айлананы карасам май куюучу жай, анын жанында милиция кызматкерлеринин автоунаасы туруптур. Дароо эле: «Жардамга!» — деген бойдон милиция кызматкерлерине бардым. Артымдан кууп келе жаткан адам аларды көрүп качып кетти окшойт. Мен милицияларга барып, кол салган баланы кармайт деген ойдо алардан жардам сурап аттым. Тилекке каршы, алар кармагандын ордуна мени автоунаасына олтургузуп сурак ала башташты. Мен шок абалымда болгондуктан, аларга оюмду эптеп түшүндүрүүгө аракет кылып аттым. Ошол учурда артымдан тигил бала дагы эле кууп келе жаткандай сезимде болуп коркуп калчылдап жатып аларга эмне деп сүйлөп жатканымды көзөмөлдөй алган жокмун. Үч милиция болду, алдыда айдоочусу менен мен, артта эки милиция олтурган. Жанымда олтурган милиция мага ар кандай суроолорду берип аткан, көрсө, ошол учурда артында олтургандар видеого тартып атышкан экен. Мен аны байкаган эмесмин.  Мага суроо берип жаткан милиция «кана кол салган адам? Кайсы жерде болду?» деп сурагандын ордуна: «Зордуктадыбы? Крышаң кетип калган окшойт?» — деп мени мыскылдап атты.

— Ал милиция кызматкерлерин таанып калдыңбы?

— Тилекке каршы, ошол учурда өзүм шок абалында болуп турганга алардын автоунаасы менен кийип жүргөн формалары гана көзүмө илиниптир. Өзү да караңгы учур болгондуктан жүздөрүн жакшы көрө алган эмесмин. Азыр видеону көрүп баары эсиме түшүп атат да, алар: «Зордуктадыбы?» — дегенде, «зордуктайм деди», — дептирмин. Ал суроону кайра-кайра беришкенине караганда менден «ооба, зордуктады» деген жооп күтүшкөн окшойт. Ошол учурда менде суроолоруна бат-бат жооп берип койсом, алар кол салган баланын артынан барып кармай калышса деген гана ой болуптур. Андыктан абдан шашып оюмду жыйынтыктай албай сүйлөптүрмүн. Ошондуктан да айрымдар мени мас экен деп атышат да. Менин сүйлөгөнүмдү силер деле билесиңер го,  жай сүйлөйм. Мурда-кийин мындай окуяга кабылып көргөн эмес элем, өзүмдү жоготуп коюптурмун.

— Сенден сурак алгандан кийин видео өчтү го, андан кийин кандай окуялар болду?

— Мени сурап алышып автоунаасын айдашса, кол салган баланы кармайт, мени үй жакка таштап коёт го деген ой болгон. Бирок алар мени Ош базары тараптан: «Түш», — деп түртүп, сөгүп түшүрүштү да катуу айдап кетип калышты. Мага жардам бергендин ордуна орой мамиле кылып, жолдун боюна таштап кетип калгандары эмнеси деп андан бетер жаман болуп, кыйкырып ыйладым. Бир аз өзүмө келип ары жакты карасам таксилер токтоп туруптур, такси менен эптеп үйгө жеттим. Ал окуя боюнча милицияга барып арыз жаздым. Бирок кол салган адамдын да, милициянын да элеси эсимде калбаптыр.

— Балаң да чоңоюп, көп нерсеге түшүнүп калган учуру, ал видеону көрдүбү?

— Мен бул жашоодо балам деп гана жашап жүрөм. Бүт өмүрүмдү ага арнап койгом. Мен эне катары балам мен тууралуу жаман ойдо калышын каалабайм. Тилекке каршы, интернет деген нерсени токтото албайт экенбиз, видеону балам көрдү. Ал: «Сизди ким коркуткан?» —  деп таң калып атат. 7-класс болуп чоңоюп калган. Мен башында балам көрсө кандай кабыл алат деп көп ойлонуп, сарсанаа болдум. Ошол милициялардан көрө жөнөкөй адамдарга жардам сурап барганымда видеого тартпай жардам беришмек экен. Алар мени таанып туруп атайын тартышып, интернетке чыгарып атышат. Эми алар табылса: “Менин аброюма шек келтиргени үчүн жоопко тартылсын”, — дейт элем.

— Көчөгө чыгып элге аралашып атасыңбы?

— Ооба, тойлорго чакыруу болсо барып ырдап атам. Элдер мени мурункудай эле кабыл алып, жакшы сөздөрүн айтып көтөрүп атышат. Айчүрөк Иманалиева эжеге ыраазымын, абалымды сурап, жылуу сөздөрүн айтып мага дем-күч берип атат. Ошондой эле мага колдоо көрсөтүп аткан акын Бурулкан Карагулова эжени көрүп жакшы адамдар бар экенине кубанып атам. Ал эми милиция кызматкерлерин жолдон көрсөм коркуп калтырай турган болуп калыптырмын. Мурда жардам сурап чуркасам, эми кача тургандай сезим калыптыр.

Булак: lady.kg

Аргумент.kg
Жооп калтыруу