Кино тарткан дарыгер Ибадылла Аджибаев

— Сиз өзүңүз врач болсоңуз дагы кино жаатында режиссер катары аракет кылып тарткан “Мугалим” аттуу кыска метраждуу документалдуу фильмиңиз фестивалда баш бейгени жеңип чыкты. Сыйлыгыңыз кут болсун. Кандайча кино жаатына киришип калдыңыз?

— Рахмат. Сиз туура баамдап кеттиңиз. Менин өзүмдүн кесибим онкогинеколог-радиолог врач. Радиологтор рак оорусун дарылайбыз. Ал жерден 50 жашта пенсияга чыгабыз. Мен 58 жаштамын 8 жыл пенсиядамын. Пенсияда жүрүп “Будь здоров” деген медицина тармагында гезит чыгарып жүрөмүн. Гезиттин чыкканына 22-жыл болот. Баардыгыбыз эле жаш кезибизде коного түшүүнү самачубуз. Ошентип жүрсөм аты-жөнү эсимде жок режиссер Совет доорунда мен ал убакта Мединститутта окуп жүргөм, көчөдөн мени көрүп калып жактырып калыптыр. Киного чакырды 6 курста окучу элем жаңы үйлөнгөм барып жолдошума киного чакырып жатат десем макул болбой коюп барбай калып киного тартылбай калдым. Ошентип жүрүп Жаныш Кулмамбетов деген режиссер менен жолугушуп калып ал дагы киного чакырып калды ал жерде киного түштүм башкы роль эмес эпизоддордо. Ошентип 2-3 фильмдерге тартылып калдым. Ошондон улам киного кызыгып калдым. Өмүралы деген сүрөтчү досум кино тарткың келбейби? окубайсыңбы деп калды. Макул деп Темир Бирназаров бир жылдык курс ачып атыптыр барып сүйлөшсөм “келиңиз окуталы” — деди. Мектепте бир жыл окуп канааттанбадым. Дагы бир жыл окуйун дедим макул болду. Эки жыл окуп, ошол жерден кинону түшүндүм. Азыркы жаштар колуна камера кармап оюндагысын тарта берет. Жок, андай эмес экен режиссер деген такыр башка экен. Темир ага режиссерлукка болобу, же врачтыккабы, айтор мугалимдик  психологиясын билиш керектигин айтып, теманы, окуяны туура тандоого үйрөттү. Ошондон кийин мен кино тармагына өтүп кеттим.   — Сиз биринчи киноңузду медицина кызматкерлери жөнүндө тарткансыз. Экинчиси болсо жанагы сыйлык алган фильм баамдашымча мугалим жөнүндө дешти. Кандайча бул теманы тандадыңыз жана кандайча тартуу процесси өттү?

— Рахмат, биринчиси врач эмес фельдшер жөнүндө. Айылдагы 2 фельдшер аял кызматкерлери 40 жылдан ашуун эмгек стажы менен ат менен кышында өзүлөрүнүн участкаларын тейлейт экен. Ал жерде бир эле айылда фельдшер эмес ошол айылга караган 7 участок бар экен. Бирөө 5 км бирөө 15-24 км алыс ошолорду ат менен барып тейлеп жүрөт экен. Ошолорду барып тартып жүрдүм. Кышкысын азап экен ат менен түндөсү жүрөсүң свет жок. Ошол жерден бир мугалимди көрүп калдым. Мага жакты. Карасам свети жок кичинекей айыл, жаш балдарга мектеп керек экен. Ошол мугалим менен тааныштым сүйлөштүм фамилиясы Токтожума Стаханов деген мугалим эле, сизди киного тартайын дедим эле десем макул болду. Кинону 2 жыл тарттым. Себеби бир эле кышты тартып эле жеңил эле ийгиликке жетейин деген эмесмин ошол мектептеги мугалим күзүндө, жазында кандай ал жерде ахыбал кандай ошонун баардыгын чагылдырыш үчүн ар бир мезгилди күттүм. Ар бир мезгилди барып тарттым. Азыркылар болсо компьютерден кышты да жазды да оңдоп кое беришет. Жок мен антпедим. Бул документалдуу фильм ар бир мезгилди күтүп барып тартып келип жүрдүм. Мага бул мугалимдин кызыктырганы патриоттуулугу жакты, чыныгы фанат экен өзү Караколдогу университетти кызыл диплом менен бүтүп Бишкекке келип Баласагын универститетинде мугалим болуп иштеп жүрүп мугалимдикти таштап айылга кеткен. Кызыл диплом менен бүткөн инсан айылдагы балдардын келечегин ойлоп кеткен. Билинбеген билим агартуу жагынан деп тарттым.

— Иш процессине киришсек. Биринчиден чыгармачылык ой керек, экинчиден ыкма керек башкалар көрбөгөн детальдар менен иштөө сыяктуу. Ошол жактарын канттиңиз?

— Мен чындап эле мугалимди ошол замат эле биринчи мугалим экендигин мектептен көрсөтө алган жокмун. Эл аралык конкурстагы Москвадан, Тажикстандан, Казакстандан келген жюрилер мага аябай таң калды. Көрүүчүнү алдап кийин ачып берген жагынан мастер турбайсыңбы биз ойлогонбуз бул мугалимиң меш салгыч экен деп меши кышында түтөп жатат да анан аны бузуп оңдоп ылай менен шыбап көмүр жагып жүрөт өзү короону шыпырып жүрөт анан эле кичинекей үйүндө темир үтүк менен кийим үтүктөп жүрөт улагы, мышыгы чогуу жатат анан эле галстук тагынып чыкыйып кийинип алып жанындагы мектепте сабак берип жатат. Мугалим экенин кийин түшүнүштү.

— Документалдуу фильмде адам оркестр деп койгон сыяктуу жалаң өзү аткаргандар бар. Монтаждайт, оператор болуп өзү тартат машинени өзү айдап барат дегендей. Сиз чыгармачылык топту кандай топтодуңуз?

— Мен оператор эмесмин. Режиссермун. Ошондуктан өзүм окуган кыргыз кинодон профессионал оператор Аман Ажыматов жана Жолдош деген жигиттерди алып бардым. Мурдагы фильмде оператор профессионал болбой калып мүчүлүштөр кеткен болчу. Документалдуу фильмде актер ойнобойт. Дубль бир дубль эки кайра кир кайра чык дебейбиз. Бул жерде кандайдыр бир окуя туш келип калганда ошол учурду карап тартабыз. Кээде ошол каарманга эч нерсени айтпай туруп аны менен отуруп сүйлөшүп тартабыз ошондо чыныгы анын жүзү чыгат ойноп койбойт, актер болуп койбойт. Бирөөсү кышында тартып келди, экинчиси жазында, күзүндө тартты.

— Оператор катары оператордун телевиденияда болсун кинодо болсун режиссердун көзү автордун көзү деп аталат. Ал кандай тартса ошондой чыгат. Көңүлүңүзгө толдубу?

— Купулума толду. Себеби ошол жерден түщүндүм телевизиондук оператор башка кинонун оператору такыр башка экенин. Мен ойлогом тойлорго тартып жүргөн операторлор деле тарта берет экен деп. Телевизиондун оператору менен кинонун оператору айырмачылыгы өтө чоң экен. Алардын аткарган ишинин бардыгы башка экен.

— Ушул фильм аркылуу ийгиликке жеттиңиз. Мындан ары фильмдерди дагы жаратуу. Тема деген азыр биздин заманда көп. Сезимдер пайда болуп кеттиби?

— Сөзсүз түрдө. Бул фильм мага чоң түрткү болду. Мындан дагы сонун окуяларды тартканга шык пайда болду.

— Демек планыңыз менен бөлүшпөй турат экенсиз да?

— Акылдуу кишилер планыңды айтпа дейт го эгер айтып койсоң планыңды башка бир режиссер алып алат дагы сен ойлогондой кылбай бузуп тартып коюшу мүмкүн ошондуктан бул купуя бойдон калыш керек.

— Сиз документалдык фильмдердин режиссеру бойдон калгыңыз келеби же ойнолчу көркөм тасмаларга дагы аралашыңыз мүмкүнбү?

— Азырынча айта албайм. Ойнолчу көркөм тасмага жакшы сценарий болсо эле тартасың да а документалдуу фильмде элдин арасынан чыныгы каармандарды издеп адамдык сапаты бийик же болбосо профессионалдык деңгээли жумуш жагынан бийик ошолорду таап элге өрнөк кылып көрсөтүп ошолордон сабак алуу, тарбия жагынан документалдуу фильм тартсамбы дейм. Негизги азыркы багытым документалдуу фильм тартуу.

— Сиздин акындык өнөрүңүз дагы бар. Ал жагын кантип атасыз?

— Ыраматылык Байдылда Сарногоев атабыз менен чогуу жүргөнбүз. Кичинекей китебиме баш сөз жазып берген. Мага айткан аз жаз бирок саз жаз деп. Илхам келгенде гана жазам. Кууп фанат эмесмин бирөөгө арнап отура калып жазбайм. Жазып жатам.

— Канча китеп чыгардыңыз?

— Эки эле китеп. Обондорум көп. Обондорго чыккан ырларым көп. Белгилүү обончулар обон чыгарышкан ырдагандар дагы белгилүүлөр мактана кетсем салмактуу ырлар Каныкей Эралиева, Апас Жайнаков, Алтынбек Сапаралиев, Султан Каримов, Айчүрөк Иманалиева, Аскар Карыпов, Анарбек Сардарбеков аттуу, баштуу, белдүү обончулар, аткаруучулар ырдашат. Өзүм деле обон чыгаргам аларды Садыр Жумашев жана Бакыт Ыбыкеевтер ырдайт. Композиторлор Атайбек Бөдөшов, Аскар Карыбаев, Шайыр Кемелгазиевалар мени менен иштешти. Жеңил-желпи эмес.

— Өлкөдөгү баш байгени жеңишиңиз биринчи этап болот экен. Ааламда, жер шарында түрдүү-түрдүү кино фестивалдар өтө көп. Ошол планда барбы?

— Келген жюрилер айтышты фильм өтө мыкты тартылыптыр сөзсүз түрдө жөнөтүңүз муну менен дүйнөнү кыдырсаңыз болот экен деп. Ушул эле фильм менен конкурстарга катышыңыз дешти.

— Эми сиз чыгарган гезиттер тууралуу айтып өтсөк. Азыр гезиттер өтө оор ахыбалда турат. Бир топтору гезитин жаап интернет-сайтка өтүп кетишти. Сиз чыгарган гезиттериңиздин келечеги кандай ахыбалы кантип атат?

— Көпчүлүк гезиттер жабылганынын себеби, катуу айтсам капа болушпасын, профессионалдык деңгээлде иштешпейт. Интернеттен алып эле чаптап коюшат. Биздин гезитте бардыгы жандуу материалдар журналисттеримди өзүм окутканмын. Врач менен кеңешип, баарлашып иштейбиз. Окурман менен врач өз ара байланыш. Окурман бизге суроо берет аны врачка жөнөтүп врачтын кеңешин алып гезитке чагылдырабыз. Ошондуктан ал жеткиликтүү дагы болот жана дагы кыргызстандагы болуп жаткан өзгөчөлүк өзүбүзгө тиешелүү өзүбүзгө байланыштуу оорулар бар. Биз интернеттен жана башка жактардан алып бере албайбыз ошол жагынан болсо керек. Экинчиден профессионалдык деңгээлдеги врачтар менен иштейбиз. Минздрав менен чогуу алардын буйруктарын чыгарабыз алардын врачтарга оору жөнүндө иштеп чыккан ыкмалары биздин гезит аркылуу айылдагы врачтарга жетет. Айылдагы врачтарда интернет жок китеп жок мурдагыдай гезит жок. Эгерде минздрав бир китеп чыгарса 1000 эле экземпляр менен чыгарат. Баасы канча болот билбейм, аны алганга акчасы деле жок. Жеткирсе ар бир районго бирден экиден китеп барат. Кыргызстанда 34 миң медайымдар жана 12-14 миң врачтар бар. Миңдеген экземпляр эч жака жетпейт. Ошондуктан менин гезиттерим аркылуу жалпы кыргызстанга жетип окуп ыраазы болуп турушат.

— Эмесе Ибадылла мырза сиз менен Кудай буюрса дагы бир топ жолугабыз. Сиздин газеталарыңыз өзүнчө чоң тема. Элдин саламаттыгын сактоо ал өзүнчө тема. Биздин негизги темабыз кино жаатында болду. Сизге биринчи ийгилигиңиз бир гана менен токтоп калбасын. Эл аралык мейкиндикти багындырып, кыргыз деген эмне болгон эл Кыргызстан деген эмне деген жер деген олуттуу суроого чоң-чоң мамлекеттер, эл аралык уюмдар, эл аралык деңгээлде жеткирип жүрө бериңиз демекчимин.

— Рахмат.

Маектешкен: Амангелди Базарбаев

Булак: “ARGUMENT.KG”

Аргумент.kg
Жооп калтыруу