Ким экен ал? Жылдын эң сексуалдуу мырзасынын аты аталды

Титул ээси мындай наам ага күтүсүз болгонун, өзүн жогору баалап калганын айткан.

Белгилүү People журналы британиялык актер жана «Лютер» сериалынын жылдызы Идрис Эльбаны «2018-жылдын эң сексуалдуу мырзасы» деп тапты.

Актер мындай титул ага күтүүсүз болгонун, өзүн жогору баалап калганын айткан.

«Мындай болот деп ойлогон эмесмин! Болушу да мүмкүн эмес. Чын элеби деп таң калдым. Андан соң өзүмдү күзгүдөн карап: «Ооба, сен чын эле сексуалдуу көрүнөт экенсиң деп ойлоп койдум», — деп жазган актер журналга чыккан сүрөтүн Facebook баракчасына жүктөп.

46 жаштагы Идрис Эльба «Рок-н-рольщик», «Большая игра», «Прометей» тасмалары жана Marvel студиясынын «Тор» сериалына тартылуу менен эл оозуна алынган. Ал эми популярдуу «Лютер» сериалында башкы каармандын ролун жараткан.

2017-жылы ушул эле журнал тарабынан эң сексуалдуу мырза деп америкалык кантри стилиндеги ырчы Блейк Шелтон табылган.

Булак: Спутник

 

Аргумент.kg
Жооп калтыруу