Ким Чен Ын Трамп менен жолугушууга брондолгон поезд менен жөнөп кетти

Түндүк Кореянын лидери Ким Чен Ын АКШ президенти Дональд Трамп менен жолугушуу үчүн брондолгон поезди менен Пхеньяндан Ханойго бүгүн, 23-февралда жөнөп кетти.

Бул тууралуу ТАСС агенттиги дипломатиялык булактарга таянып жазды. Маалыматка караганда, Ким Чен Ын Вьетнамга Кытай аркылуу барат. Пхеньян менен Вьетнамдын борбору Ханойдун аралыгы 4,5 миң чакырымды түзөт. Түндүк Корея лидери эки күн жолдо болот.

Ушул күнү Ханойдо АКШ жана Түндүк Корея лидерлеринин экинчи саммитине карата медиа борбордун ачылышы болду. Анын аянты 30 миң чарчы метрди түзөт. Анда үч миң журналист иштейт деп күтүлүүдө.

Трамп менен Ким Чен Ындын жолугушуусу 27-28-февралда өтөт. Алгачкы саммит былтыр 12-июнда Сингапурда өткөн. Анда эки тарап “Корей жарым аралын өзөктүк куралдан толук арылтууну” үстүртөн макулдашкан.

Аргумент.kg
Жооп калтыруу