Килемди тазалоонун жолдору…

Абдан кир болуп, так түшкөн же сагыз жабышып калган килемдерди төмөнкү жолдор менен тазалоого болот.

Килемди тазалоодо: 1 литр кайнак сууга кир жуучу айна менен скипидар (эфир майынан жасалган аралашма) суюктугун аралаштырып, даяр болгон аралашманы килемдин бетине сүйкөп, кийин таза чүпүрөк менен сүртүп салуу керек.

Килемдеги тактарды кетирүүдө: спиртке лимон согун кошуп, так болгон жерлерди пахта менен сүртүп, тазалоо керек.

Кыш мезгилинде үйүңүздөгү килемдериңизди эшиктеги карга алып чыгып тазаласаңыз болот. Ал үчүн килемдин үстүнө карды сээп, беш-алты ирет шыпыргы менен таза шыпырасыз.

Күңүрт түстөгү килемдерди чайдын калдыгы менен тазалоого болот. Ал үчүн чайдан ашкан чаманы марлиге ороп, абдан сыгып аласыз. Андан кийин аны килемдин үстүнө 15 мүнөт сээп коюу керек. 15 мүнөттөн кийин себилген чайды тазалап, шыпырып коёсуз. Бул ыкма менен сиз килемиңизди жаңыртып, андагы боз-ала чаңдардан арылган болосуз.

Эгерде килемиңизге сагыз жабышып калса: Алгач ага муздаткычтагы музду алып келип коюңуз. Андан соң бычак менен акырын кырып аласыз.

Сиз алыс жакка кетүүнү пландап жатсаңыз, анда үйдөгү килемдериңиздин бетин гезит менен жаап кетиңиз. Мындай ыкма андагы чаңдардан коргойт.

Килемиңиздин тазалыгы-үйүңүздүн тазалыгы экендигин унутпаңыз!

БУЛАК:zaman.kg

Аргумент.kg
Жооп калтыруу