Кеңеш сурабаган Санжар Мыкыеев…

Санжар Мыкыев Самат Дөөлөтбаковдун тун өкүл баласы. Бул баласы артынан балдарды ээрчитип келип отуруп, учурда Дөөлөтбаковдордун үй-бүлөсүндө төрт өкүл бала бар. Бул ата-бала бир лицейде окуп, бирдей түшүнүктө бирдей ой-жүгүрткөндүгү үчүн көптөн бери катышып, тыгыз байланышта болуп келишкен. Санжар «айланаңды кандай адамдар курчаса, ошондой болосуң» деп ийгиликтүү атасынан үлгү алып, ага жетүү ниети менен өкүл аталык статусту ыйгарган. Самат мырза Санжарды ини катары жакшы көргөндүктөн дароо эле макулдугун берген. «Санжар аябай акылдуу. Өзүнүн жашына Караганда көптү билет, керек болсо мага акыл үйрөтчү жигит. Менден көп деле кеңеш сурап кайрылбайт. Мындай акылдуу балама менин кеңештерим деле пайдалуу болбойт болуш керек», — деп уулунун акылдуулугун баса белгилеп өттү. Эки үй-бүлө мааракелерден жолугуп калгандан тышкары айына бир ирет чогулуп турушат.

БУЛАК:Леди.кж

Аргумент.kg
Жооп калтыруу