Кеңешбек Дүйшөбаев, коомдук ишмер: » Атамбаев Кыргызстанды каалагандай калчады»

Бакиевдердин доорунда аларга каршы күрөшкө чыгып, бир муштумдай түйүлүп, кийин бийлик колдоруна тийгенде мамилелери бекемделмек тургай бузулуп, бийлик алмашканда соттошо баштаган Убактылуу Өкмөттүн мүчөсү болгон Кеңешбек Дүйшөбаевди кепке тартып, соттун 100 миң сом төлөсүн деген чечими тууралуу баарлашып, кызыккан суроолорубузга жооп алдык.

 -Кеңешбек мырза, үч саясатчы биригип, экс-президент Алмазбек Атамбаевди жана анын маегин чагылдырган “Апрель” телеканалын жалпы жонунан үчөөңөр 18 миллион сомго сотко бердиңер эле. Сот экс-президентти  100 миң сом төлөсүн деген чечим чыгарды. Ошондо Илмияновдун кадыры 2 миллион сом да, силердики 100 миң  сомго эле бааланып калдыбы?

-Миллиондорду жазсак да, сот Атамбаев 100 миң сомдон эле төлөйт деп чечип койду. Сот неге андай чечим кабыл алганын чыны менен  билбейбиз. Бирок, биз Октябрь райондук сотунун чечимине макул болбой, соттун чечимин  өзгөртүп, бузуп кайра чечим чыгарып бергиле  деген өтүнүч  менен шаардык сотко кайрылдык. Азырынча соттун болоор күнү анык боло элек.

Шаардык сот силердин өтүнүчтү эске алабы? Октябрь райондук сотунун чечимин күчүндө калтырып койбойбу?

-Эске алат деп үмүт кылып жатабыз. Бирок, сот биз каалагандай чечим чыгарып берет деген 100 пайыз кепилдик жок. Баары Кудайдын колунда. Бизде шаардык сот акыйкат чечим чыгарат деген үмүт  бар. Анткени, биз өз кызыкчылыгыбызды ойлогон жокпуз. Атамбаев доорунда бийлигине манчыркап, чындыкты айткан журналисттерди себепсиз каралап, шылдыңдап жок  жерден миллиондогон айыптарга жыккан. Кудайдын калыстыгы болсун деген максатта ошондой  абалды  өзү да, “Апрель” телеканалы да  жон териси менен сезсин деп сотко кайрылганбыз.

-Не үчүн Атамбаев бийликте турганда  ар-намысыңарды, абийириңерди  коргоп сотко кайрылган жок элеңер?

-Ал убакта аны менен соттошуш мүмкүн эмес болчу. Ага каршы чыккан адамдардын баарын жок жерден каралап, айыпка жыгып, акты кара, караны ак деп темир торго камачу. Ага Атамбаевден тайманбай өз оюн ачык айткан саясатчылардын темир тор артында  камалганы, көптөрүнүн качып кеткени далил. Күнөөсү далилденбесе да, камалган саясатчылар  азыр да эркиндикке чыга албай отурушат. Мына ушул жагын  эске алып, соттошууга мүмкүнчүлүк боло турган мезгилди күттүк.

-Айрымдар Атамбаевдин мезгилинде үн катканга жарабагандар азыр аны сотко берип, баатыр болуп жатышат дегендер да четтен чыгат. Мындай сөздөргө  терикпейсиздерби?

-Терикпейбиз. Бул сынды түз эле кабыл алабыз. Атамбаев Кыргызстанды каалагандай калчады. Секретаршасын депутат, базаркомду губернатор кылды. Беш кишинин башын кошуп, сүйлөй албаган жансакчыларын мамлекеттин тагдырын чечтирди.  Мени сындап жаткандардын өзү не үчүн ошол мезгилде Атамбаевдин туура эмес ишин айтканга жарабай, кошомат кылып, эми   акылдуу сынып,  сүйлөп жатышканы кызык болуп жатат.

-Бакиевдин кландык режими менен күрөшкөндө бир муштумдай түйүлгөн саясатчылар неге бийлик колго тийгенде бири-бириңердин баркыңарды билбей койдуңар?

-Эми биз да пендебиз да. Ал кезде Атамбаевден өткөн мекенчил, патриот адам жок эле. “Күрөштү токтотпойлу, аягына чейин туралы” деп колунда бар каражатын да чыгарып аянчу эмес. Анын “Кудай буюруп баары ойдогудай болуп,  жеңишке жетсек мамлекетти өнүктүрөбүз, системаны өзгөртөбүз” деген жалындуу сөздөрүнө ишенчүбүз. Бийлик колго тийгенде деле баштагы тилектерди, алдыга койгон максаттарга жетебиз. Мамлекет үчүн пайдалуу иш жасайбыз деп ойлодук. Бирок, алданганыбызды ал бийликке келгенден кийин билдик. Ал баарыбызды чекеден алдады.

Жеке сизди качан капа кылды?

-Мени капа кылып жеке өзүмө асылып, каршылашкан жок. Бирок, позициябыз туура келбей калды. Ал бардык аракетибизди, аруу тилегибизди жокко чыгарды. 2010-жылы таза парламенттик шайлоо өткөрүп,  Отунбаева бийликти тынчтык жолу менен Атамбаевге тапшырып  бергенин  да туура баалай алган жок. Тескерисинче, Атамбаев бийликке келер замат аны бийликке алып келгендерди четинен жок кыла баштады. Жыйынтыгында, шопуру, жан сакчылары жана секратаршасы менен калып өзүнүн жеке бийлигин орнотуп мамлекетти каалагандай калчады.

Кудай бар экен. Жашоо деген  баарын ордуна коёт экен. Атамбаев азыр мурда өзү кордогон кишилердин тас кейпин кийип калды.

Азыр Атамбаев менен өткөн өттү кеткен кетти деп сүйлөшүп, баштагы  мамилеңерди калыбына келтирүүгө кудуретиңер жетеби?

-Биздин кудуретибиз жетет. Бирок, мамилени биз эмес ал бузган да. Ошондуктан элдешүүчү, кечирим суроочу  биринчи кадам ал тараптан болушу керек. Биз кечирим сурагыдай ага каршы чыккан эмеспиз. Тирешкен, душмандашкан мамилени ал өзү жараткан. Бизди ал өзү жээриген. “Алмаз, президент бол” деп колунан жетелеп барып, такка отургузган  адамды эгемендүүлүк күнүндө кандай сөздөрдү айтып, аянтта  маскаралаганын элдин баары билет. Ошон үчүн учурунда катачылыкка жол бериптирмин. Аны оңдойлу. Эл үчүн, мамлекет үчүн биригели десе биз деле адамбыз. Ойлонуп көрүп, анын кээ бир кадамдарын туура кабыл алышыбыз мүмкүн.

-Атамбаев Отунбаевага жасаган жаман мамилесинин  Сооронбай Жээнбековдон  көрүп жатабы?

-Эми Жээнбеков Атамбаевге жөнү жок асылып, кор кылып жатат деп айта албайм. Анткени, буга да Атамбаев өзү асылды. Сооронбай Жээнбеков анын ыксыз каралоосуна  гана жооп гана кылды. Ошондой эле Атамбаев Сооронбай Жээнбековду  президент кылып алып, өзүм каалагандай калчайм, башкарам дегенин орундаткан жок.

Чынайым Кутманалиева, Фабула

Аргумент.kg
Жооп калтыруу