Кеңешбек Дүйшөбаев жаза тайса, аёосуз жооп алышы мүмкүн

Убактылуу өкмөттүн мурдагы мүчөсү Кеңешбек Дүйшөбаевдин башына ала булут айланып тургандай. Эсиңерде болсо, 2010-жылдан кийин ал УКМКны жетектеп турган кезинде, ЖМКларга суук кабар тараган. “Дүйшөбаев автоунаасы менен түн ичинде бир жаранды тебелетип кетти” деген мааниде. Кеңешбек мырза бул боюнча каршы пикир айтып, ушак катары сыпаттаган болчу. Көп өтпөй уу-дуу кептин арты бас-бас болуп, тынчып калган эле. Кызыгы, айрым маалыматтар боюнча ошол окуя учурда иликтенип атканы, эгерде чындап илинчээги табылса, иш кайрадан көтөрүлө турганын эшиттик. Аныгында, алты жылдай убакыт өтүп кеткенден соң тиешелүү фактыларды табуу кыйынга турбайбы? Буга чейин Дүйшөбаев оппозициялык маанайда ой-пикирлерин билдирип, Акүйгө каршы күрөшүп келатканы белгилүү. Балким бир жеринен жаза тайса, аёосуз жаза алышы ыктымалбы?..

Кубат КАРАЧЕВ 

Булак: Asianews.kg

 

Аргумент.kg
Жооп калтыруу