Кесареводон жана төрөттөн кийин кансыраган аялдарга жаңы ыкма сунуштаган Сайкал

Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясынын гинекология факультетинин аспиранты Сайкал Осмонова Москвада өткөн “Эне жана бала” эл аралык симпозиумунда кесарево операциясы жана төрөттөн кийин кансыраган аялдарга жардам көрсөтүүнүн жаңы ыкмасын сунуштады.

 

Бул ыкма бир жылдан бери жатындагы кансыроону токтотуу үчүн тажрыйбадан ийгиликтүү өткөнүн Саламаттыкты сактоо министрлиги билдирет.

 

“Баллондук тампон” деп аталган ыкманын илимий негиздери орус жана англис тилдерине которулуп, эл аралык окумуштуулардын сынынан өттү.

 

Москвадагы “Эне жана бала” эл аралык симпозиумуна бир нече өлкөнүн гинеколог-акушерлери катышты.

 

Булак: NazarNews.kg

 

Аргумент.kg
Жооп калтыруу