Кенже Дүйшеева, ырчы: «Бактыбек Мамытовго наам берилиши бул акыйкаттык…»

Акыркы убактарда берилип жаткан наам сыйлыктар менин купулума толуп жатат. Айтайын дегеним Бактыбек Мамытовдун эмгеги бааланганына кубандым, бул акыйкаттык. Эмгегиң бааланып турса сонун да. Бактыбек байке биздин бала кезде эле жаркыраган жүзү менен экранга чыгып таанымал болчу. Тааныш-билиштерди ортого салып сыйлык алып жаткан жаш ырчыларга таң калам.
Мээнети өтсүн 20-30 жылдап сахнанын ысык-суугуна күйсүн. Өздөрү деле бир аз ушул жаатта тартынып турушса жакшы болмок. Мындай нерселерди жогору жактагылар тыйып, жакшылап көзөмөлдөп, мээнети өткөн ырчыларга беришсе коом деле туура түшүнүп алкайт экен. Аны акыркы берилген сыйлыктар далилдеп жатат. Албетте буга чейинки сыйлыктарга го ыраазыбыз. Бирок кийинкилеринде эмгеги
бааланбай, эл арасында жөн гана ырчы болуп жүргөн эже, агаларыбызды баалап коюшат деген үмүтүм бар.

БУЛАК:De-facto

Аргумент.kg
Жооп калтыруу