Кенжебек Бокоев: Аспеков УКМКнын Тергөө абагынын ичинде коркутууга кабылганын ырастап берди.

УКМКнын Тергөө абагында кармалып жаткан Мелис Аспековдун кайрылуусу боюнча парламенттин тиешелүү комитетинде маселе көтөрүлөт. Бул тууралуу малыматты Азаттык билдирди.

Бул тууралуу УКМКнын тергөө абагында камалган саясатчылар менен жолугуп чыккан Жогорку Кеңештин депутаты Кенжебек Бокоев “Азаттыкка” билдирди. Анын айтымында, депутаттар менен жолугушууда активист Мелис Аспеков тергөө абагында УКМК кызматкери жана кримчөйрөнүн өкүлдөрү учурда камактагы депутат Канатбек Исаевге каршы көрсөтмө берүүнү талап кылып, кысымга алганын билдирген.

— Аспеков УКМКнын Тергөө абагынын ичинде коркутууга кабылганын ырастап берди. Биз муну иликтөөгө алабыз. УКМКнын Тергөө абагына кылмыштуу топтордун мүчөлөрү кандайча кирген, эмне кылып жүргөн деген суроо туулат, — деди Бокоев.

Кенжебек Бокоев ошондой эле депутаттар тобу Бишкек Жылуулук борборунун айланасындагы жаңжалга байланыштуу камакка алынган мурдагы премьер-министрлер Канатбек Исаев, Жантөрө Сатыбалдиев, парламент депутаты Осмонбек Артыкбаев, Улуттук Энергохолдингдин мурдагы башчысы Айбек Калиев, Бишкектин мурдагы мэри Кубанычбек Кулматов жана мамлекеттик бийликти басып алуу аракетин көрдү деп шектелген Жогорку Кеңештин депутаты Канатбек Исаев менен жолукканын кошумчалады. Жолугушууда камалгандардын айрымдары саламаттыгы начарлаганын билдирип, үй камагына чыгарууну карап көрүүнү суранышкан.

Булак: NazarNews.kg

Аргумент.kg
Жооп калтыруу