Кенекеев тил тапкыч экен

Даир Кенекеев «Учкун» акционердик коомуна директор болуп дайындалды. Ал буга чейин вице-премьер-министр, Талас облусунун губернатору, Мамлекеттик мүлктү башкаруу мүлк фондусун жетектеген. Даир Кенекеев 44 жашта. Ал Таласты башкарып турганда, президенттик шайлоонун жыйынтыгына нааразы болуп чыккан Таластын айрым тургундары менен жолугушуу учурунда, аларага «Манастан» үзүндү окутпай койгон.

Ошондон кийин Атамбаев аны мактап, вице-премьер министр кылган болчу. Бул кызматтан Сапар Исаковдун өкмөтү менен кошо отставкага кеткен. Эске сала кетсек, «Учкунду» акыркы жылдары таластык саясатчылар Рыскелди Момбеков, Орозбек Нусувалиевдер жетектешкен. Кыскасы, Кенекеевдин деле ырысы кем эмес экен. Ортозаар кадр болсо да, “майлуу” кызматтарга илешип эле келатат.

Булак: «Багыт»

Аргумент.kg
Жооп калтыруу