КЕМЕНИ ТАШТАЙ КАЧКАН «КЕЛЕМИШТЕР»

«Акыркы күндөрү Абылгазиевдин абалынын оорлоп бара жатканы баарыбызга эле белгилүү болуп калды. Бажалары бир жагынан баркын кетирип башын маң кылса, ишенген министрлери биринин артынан бири чөгүп бара жаткан кемени таштай качкан келемиштердей болуп, кызматын тапшырып, куйруктарын түйө башташты. Алсак, бажа гейттин арты менен “Кыргыз-телеком” менен Байланыш агенттигинин жетекчилигин кызматтан алса, кара галош сыйлыгын алган айыл чарба министри Нурбек Мурашев арызын жазып, эт эмес же чел эмес экономика министри Олег Панкратов кызмат ордунан жылт берди. Дагы кимиси кызматын таштап кетээр экен? Кызматтан кеткендердин эсине салып коёрубуз, кызматтан кетсеңер да, жоокерчиликтен кача албайсыңар. Мыйзамдын укуругу узун.

БУЛАК: Факты. кж

Аргумент.kg
Жооп калтыруу