Келерки шайлоонун камын жеп…

“Өнүгүү-Прогресс” фракциясынын лидери Бакыт Төрөбаев бир-эки саясий топтун монополисттик үстөмдүгүн болтурбоо деген шылтоо менен саясий партияларга шайлоочулардын добушун 9 пайыздан 5 пайызга түшүрүү боюнча мыйзам долбоорун сунуштап чыкты. Эми бул деген ирилешпей жаткан партияларды кайра майдалап ашмалтайын чыгаруу дегенге барабар. Бир кезде тогуз пайызга көтөрүү демилгесин колдоп жүргөндөрдүн бири эле. Эми келерки шайлоодо Жогорку Кеңешке өтпөй турганын билип, шайлоо босогосун төмөндөтүүгө кызыкдар болууда. Ушинтип ойкуп-кайкып, кырдаалга жараша кубулгандар мамлекетке пайда келтирбеси белгилүү эмеспи.

БУЛАК: Фабула

Аргумент.kg
Жооп калтыруу