Келдибеков “Райым ата” деп алып күлкү болду

Белгилей кетсек, айтылуу “Райым миллион” каймана аты бар Матраимовдор, атасы Исмаил Матраимовдун жаркын элесине арнап  Ош облусунун Кара-СУу районунда спорттук турнир өткөргөн. Байге фонду миллион сом болгон турнирге  Ак үйдөгү аткаминерлер түп көтөрүлө көчүп барган.

Турнирде сөз алгандардан А.Келдибеков сүйлөп жатып, “Райым ата” деп алганы коомчулукта күлкү жаратты. .

«Мындай жигиттердин душманы көп болот, аларды сөз эрчийт. Аларга көңүл бурбай мындай иштерди жасай бериш керек. Райым ата фондуна раxмат, ой туура эле айттым. Исмаил атанын балдарына раxмат. Буюрса Райым ата фонду да болот», — деди Келдибеков.

Видео социалдык тармактарга тез тарап кызуу талкууланууда.

Булак:NazarNews.kg

Аргумент.kg
Жооп калтыруу